7 талапкерге шайлоо күрөөсү кайтарылып берилээрин БШК билдирди. Алар кимдер?

7 талапкерге шайлоо күрөөсү кайтарылып берилээрин БШК билдирди. Алар кимдер?

10-январдагы президенттик шайлоого ат салышкан 17 талапкерден 7 талапкерге шайлоо күрөөсү кайтарылып берилээрин БШКнын басма сөз кызматы бүгүн, 21-январда, билдирди.

БШКнын акыркы жыйынтыгы боюнча, 7 талапкер төмөндөгүдөй добушка ээ болгон:

1. Садыр Жапаров – 79,20%,

2. Адахан Мадумаров – 6,79%,

3. Бабыржан Төлбаев – 2,36%,

4. Мыктыбек Арстанбек – 1,69%,

5. Абдил Сегизбаев — 1,46%,

6. Имамидин Ташов – 1,17%,

7. Клара Сооронкулова – 1,00%

Калгандарынын добушу 1%га жеткен эмес. Мыйзам боюнча, 1 пайыздан кем эмес добуш алган талапкерлерге 1 миллион сом шайлоо күрөөсү кайтарылып берилет. БШКнын депозит эсебинде 18 миллион сом бар. Анын жети миллиону 7 талапкерге кайтарылат, калганы мамбюджетке чегерилет. Акчасын кайтарып ала албай калган талапкерлер арасында Рашид Тагаев да бар, ал шайлоого саналуу күн калганда шайлоого катышуудан баш тартып койгон эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “7 талапкерге шайлоо күрөөсү кайтарылып берилээрин БШК билдирди. Алар кимдер?

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.