ӨКМ аба ырайы тууралуу шашылыш билдирүү таратты

ӨКМ аба ырайы тууралуу шашылыш билдирүү таратты

22-январдан 24-январга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 21-январда, билдирди.

Алардын айтымында, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, 22-январда эртең менен, күндүз жана 23-январда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, жолдор тайгак, тоңголок болот. Унаалар ортосундагы 500 метр аралык кыймыл сакталышы зарыл.

22-24-январларда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетет. 23-24-январда аба температурасы кескин төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -13…-18°, түндүгүндө -16…-21°, күндүз -4…-9°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -14…-19°, күндүз -3…-8°, Ош, Жалал-Абад, Баткен  өрөөндөрүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5°, тоо этектеринде түнкүсүн -9…-14°, күндүз -1…-6°, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -8…-13°, чыгышында -13…-18°, күндүз 0…-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -22…-27°, Ат-Башы районунда -26…-31°, күндүз -8…-13°, тоолуу райондордо түнкүсүн -14…-19°, күндүз -5…-10°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -12…-17° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.