Молдомуса Конгантиевдин жубайы Базаркүл Нурбаева каза болду

Молдомуса Конгантиевдин жубайы Базаркүл Нурбаева каза болду

Экс-министр Молдомуса Конгантиевдин өмүрлүк жары Базаркүл Нурбаева каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда, ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

«Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин өмүрлүк жары дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу ИИМ жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
ИИМдин коллегиясынын жетекчилиги, мүчөлөрү, Ардагерлер кеңеши, Генералдар клубу жана ички иштер министрлигинин өздүк курамы 2008-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын ички иштер министри болуп эмгектенген милициянын генерал-лейтенанты Конгантиев Молдомуса Ташболотовичтин өмүрлүк жары Базаркүл Нурбаеванын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат» деп жазылган билдирүүдө.

 

One thought on “Молдомуса Конгантиевдин жубайы Базаркүл Нурбаева каза болду

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.