Садыр Жапаровдун инаугурациясы кайсы күнү болоору, ага 10 миллион сом жумшалары айтылды…

Садыр Жапаровдун инаугурациясы кайсы күнү болоору, ага 10 миллион сом жумшалары айтылды…

Президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда болоорун жана ага даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө бюджеттен 10 миллион сом жумшалаарын президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов бүгүн, 21-январда, ММКга билдирди.

Маалымат боюнча, инаугурация Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда 28-январда өтөт. Ант берүү аземин уюштуруу тобун президенттик аппарат башчысы Сүйүнбек Касмамбетов жетектейт. Ошондой эле ант берүү аземине сарпталуучу каражат суммасы да бекитилген: даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө бюджеттен 10 миллион сом жумшалат.

Кечээ, 20-январда, БШК президенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгын билдирип, шайлоочулардын 79,20% добушун алган Садыр Жапаров Кыргызстандын президенти болуп шайланганын расмий жарыялады.

Эске сала кетсек, 10-январда президенттик шайлоо болуп, ага 17 талапкер катышкан. 7 талапкерге шайлоо күрөөсү кайтарылып берилээрин БШКнын басма сөз кызматы бүгүн, 21-январда, билдирди.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Садыр Жапаровдун инаугурациясы кайсы күнү болоору, ага 10 миллион сом жумшалары айтылды…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.