ВИДЕО — «Самаранын директор болушуна каршыбыз!» деген мугалимдер нааразычылык акцияга чыгышты

ВИДЕО — «Самаранын директор болушуна каршыбыз!» деген мугалимдер нааразычылык акцияга чыгышты

Оштогу Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына сот чечими менен директор болуп барган ырчы Самара Каримованы эмгек жамааты кабыл албай жатканына бир жума болду. Бүгүн, 21-январда, мугалимдер плакаттарды көтөрүп алып, окуу жайдын алдына нааразычылык акциясына чыгышканын «Турмуш» сайты жазып чыкты.

Алардын айтымында, плакаттарда: «Соттон адилет чечим күтөбүз!», «Жамаат Самарага сатылбайт!», «Самаранын директор болушуна каршыбыз!» деп жазылган.

Мугалимдер: «Биздин негизги талабыбыз — Самара Каримова биздин окуу жайга директор болуп келбесин! Анткени ал бул орунга татыксыз. Бул бир. Экинчиден, ал биздин иш структурабызды билбейт. Анын билими, тажрыйбасы жетишпейт. Ошондуктан кабыл албайбыз! Азыр ал эмне кылышты билбей башы айланып, бузуп кирген кабинетте жалгыз отурат. Ага мугалимдер эмес, пол жуугучтар дагы кире элек. «Баары жакшы» деп жалган маалыматтарды таратууда. Ал мурунку директордон иш кагаздарын өткөрүп алган экен. Аны карай элек. Ордуна бир аялды алып келип отургузуп койгон экен, анысы болсо Самарага келген тамак-ашын жеп коюп эле отурат. Самаранын кошоматчылары тамак-аш ташып жатышат. Самара сыйы менен кетпесе, акыры кабинеттен сүйрөп чыгып, таштандыга ыргытып коебуз. Иш билбеген президент, депутаттарды деле элдер кууп жатпайбы. Чет мамлекетте деле депутаттарды таштандыга ыргытып жатпайбы, биз дагы Самараны ошентебиз. Самара сыйы менен кетип калсын. Бизге иш билги, билимдүү, тажрыйбалуу директор керек, Самаранын кереги жок. Буга чейин бардык жерге кайрылдык. Айлабыз кеткенинен нааразычылык акциясына чыктык!», — деп билдиришкен.

Бүгүнкү нааразычылык акциясын, мугалимдердин талаптарын төмөндөгү видеодон көрсөӊүздөр болот:

 Самара КАРИМОВА: «Бардыгы өз жайында, бардыгы мыйзам чегинде»

Маданият министрлиги эмне дейт?

Эске сала кетсек, Самара Каримова аталган окуу жайга 2018-жылдын октябрында директор болуп дайындалганын билдирген. Бирок эки күндөн кийин бул буйрукту андагы министр Азамат Жаманкулов жокко чыгарып, себебин да түшүндүргөн. Анын айтымында, Каримованы кызматка анын статс-катчысы (Б.Секимов тууралуу сөз болууда — авт.) коюп койгон. Эки жылдан кийин, ырчы Биринчи май райондук сотуна арыз менен кайрылып, Маданият министрлигин утуп алганын 13-январда билдирген. Ал соттун буйругун көтөрүп алып, окуу жайга 14-январда барган. Эмгек жамааты кабыл албай койгон жана кабыл албай жатышат.

Ал эми маданият министрлиги Бишкек шаардык сотуна кайрылганы тууралуу министрликтин басма сөз кызматы 19-январда билдирди. Алардын айтымында, Биринчи Май райондук сотунун судьясы бир катар процессуалдык мыйзамдардын бузулушуна жол берген: ырчы Самара Каримова сотко кайрылуу мөөнөтүн өткөрүп жиберген; мыйзам боюнча, доогер сотко 2 жылдан кийин эмес, 2 айдын ичинде кайрылуусу абзел. Тажрыйбалуу юрист Клара Сооронкулова бул чуулгандуу маселе комчулукка дайын болгондо эле, «КРнын Эмгек Кодексинин 414-беренесине ылайык, иштен бошотулган адам бошотулгандыгы боюнча талаш жагдайда буйрук менен таанышкан күндөн 2 ай ичинде сотко кайрылууга укуктуу» эле, 2 ай эмес, 2 жыл өткөндө кайрылган доогердин маселесин караган, чечим чыгарган сотту сындаган эле…

Ал эми «ызы-чууну жараткан» статс-катчы Секимов тууралуу окуйм десеӊиз, бу жердеги ШИЛТЕМЕни басыӊыз.

Айтмакчы, Бактыбек Секимов, статс-катчы болуп келгени эки жолу сөгүш, бир жолу эскертүү алганга жетишкен. Кыскасы, кыйшыгы көп кадрлардан болгон экен…

Самара Каримова болсо, 2017-жылы Оштогу «Сулайман-Тоо» музей комплексине башкы директор болуп дайындалганда да сынга катуу кабылган. Анда коомчулук сын-пикирин кабыл алып, өз каалоосу менен ал кызматтан баш тарткан эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.