Садыр ЖАПАРОВ: «Мен кортеж, банкет жана башка уюштуруу иш-чарасын өткөрүүдөн баш тарттым»

Садыр ЖАПАРОВ: «Мен кортеж, банкет жана башка уюштуруу иш-чарасын өткөрүүдөн баш тарттым»

Президенттик шайлоодо (79,20% менен) жеңишке жетишкен Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда өтөөрүн жана ага даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө бюджеттен 10 миллион сом жумшалаарын президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов кечээ, 21-январда, ММКга билдирген. Ал бүгүн, 22-январда, Садыр Нургожоевичтин ушул салтанатка байланыштуу билдирүүсүн жарыялады.

Садыр ЖАПАРОВдун кайрылуусу:

— Урматтуу кыргызстандыктар!

Октябрь окуяларынан кийин түзүлгөн саясий кырдаалды, өлкөнүн экономикалык, каржылык жана эпидемиологиялык абалын эске алуу менен, мындай кырдаалда өлкөнүн экономикасына оорчулук келтирүүчү иш-чаралардан баш тартууга тийиш экенибизди белгилей кетүү зарыл деп эсептейм. Элибиз бизди түшүнөт жана колдойт деп ойлойм.

Мамлекет башчысы кызматка киришүүдө калыптанып калган салттарына, стандарттарына жана жол-жоболоруна ылайык, иш-чаралар планын иштеп чыккан уюштуруу комитетине ыраазычылык билдирем. Мен каржылык чоң чыгымдарды талап кылган атайын кортежден, банкет жана башка уюштуруу иш-чараларын өткөрүүдөн баш тартууну чечтим. Президенттин кызматына киришүүдө мыйзам талап кылган милдеттүү жол-жоболорду гана эске алуу менен ишке ашыруу маанилүү.

Мамлекет бүт көңүлүн өлкө каражаттарын элге жана алардын муктаждыктарына колдоо көрсөтүүгө пайдаланууга бурушу зарыл!

Сүйүнбек КАСМАМБЕТОВ: «Биз чет мамлекеттен эч кимди чакырган жокпуз»

Президенттик аппараттын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, инаугурация Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда 28-январда өтөт. Ант берүү аземин уюштуруу тобун президенттик аппарат башчысы Сүйүнбек Касмамбетов жетектейт. Анын айтымында, инаугурацияга негизинен Кыргызстандын шайлоодо активдүү болгон жарандары гана чакырылган. Ал боюнча журналисттерге мындай деп билдирди:

Биз чет мамлекеттен эч кимди чакырган жокпуз. Бир гана ыраазычылык жана чакыруу иретинде Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевге кат жөнөттүк. Ал кишинин келер-келбеси белгисиз. Башка бир дагы мамлекеттин президенттери чакырылган жок. Иш-чараны өзүбүз өткөрөбүз.

20-январда БШК президенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгын билдирип, шайлоочулардын 79,20% добушун алган Садыр Жапаров Кыргызстандын президенти болуп шайланганын расмий жарыялады.

Эске сала кетсек, 10-январда президенттик шайлоо болуп, ага 17 талапкер катышкан. 7 талапкерге шайлоо күрөөсү кайтарылып берилээрин БШКнын басма сөз кызматы 21-январда билдирди.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.