Самара КАРИМОВА: «70 өлчөп, директорлуктан баш тарттым. Алтын эшик жабылса, күмүш эшик ачылат»

Самара КАРИМОВА: «70 өлчөп, директорлуктан баш тарттым. Алтын эшик жабылса, күмүш эшик ачылат»

Оштогу Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунун чечими менен директор болуп кайтып барган ырчы Самара Каримованы эмгек жамааты кабыл албай жатканына бир жумадан ашкан. Бүгүн, 22-январда, ырчы 7 эмес, 70 өлчөп чечимге келип, окуу жайдын жетекчилигинен баш тартканын «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирди.

Ал баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү калтырды:

Кыргыз элим, күйөрмандарым, сүйүктүү мекендештерим! Акыркы күндөрү мага жана менин атыма байланышкан бир канча окуяларга күбө болдуңуздар. Мындан эки жыл мурда мыйзамдуу дайындалган кызматымдан укугум одоно бузулуп бошоп, шагым катуу сынган. Бул менин намысым, ден соолугум жана жакындарым үчүн өтө катуу муш болгон. Ошол укугумду коргоп, канча убакыт соттошуп дайындалган ишиме кайтып барып, эл, жериме, кыргыз маданиятына ак дилимден кызмат кылгым келген. Кудайга шүгүр, сотто жеңип чыгып, чындык мен тарапта экенин далилдедим. Кудай астында, мыйзам алдында ак экенимди далилдедим.

Кызматыма кайрадан киришип, музыкалык окуу жайды аз убакта өнүктүрүп, өстүрүүгө ак ниеттен бел байладым эле. Бирок, окуу жайдын эмгек жамааты буга макул болбоду. Аларды адилеттүү башчы, ак кызмат өтөгөн ишмер болууга убада берип, ынандырууга аракет кылдым. Мурунку директордун 100 сүйлөгөнү, кубулганы 5,6 адамдын басымы менен коллективде «погода» өзгөртүп турат экен. Ойлонуп көрсөм, булар өнүгүүнү каалабайт экен. Ушул жашоосуна, күнү өтүп жатканына ыраазы экен. Эшикте 21-кылым экени ойлонтуп дагы койбойт. «Болбогонго болушпа» дегендей, ушуларга кетире турган кайран күчүм, идеям, дараметим дедим. Жашоодо мен көп сыноолорду жон терим менен сезим, аларга тике карап, жеңип келгем. Бул көрүнүштү да Аллахым берген дагы бир сыноо дедим. «Алтын эшик жабылса, күмүш эшик ачылат» . Жашоо улана берет. Чалындым, бирок жыгылган жокмун! Жумушумду баштап, элибизге мыкты жыйынтыкты көрсөтөм деп позициямда катуу турдум. Бирок, мунумду көпчүлүк түшүнө албады. Мурунку директордун жакындары тааныш журналисттерине тынбай чалып, чакырып, «Келгиле, Самара дагы келди, андан интервью алгыла!»,- деп жаткандарын өз көзүм менен көрүп турдум. Анын үстүнө, Батыштын акчасын жеген журналисттер күнү-түнү ошол жатаканада жашап, окуяны бир тараптуу чагылдырып жатышты. Провокация кылып, тукуруп, алардын боё сезимдерин пайдаланышты. Ошол эле журналисттерге канча жетишкендеримди, Кремлде ,Ташкентте дүңгүрөтүп жеке концерт бергенимде, жалынып, суранып да ийгиликтеримди маалымат катары чыгара алган эмесмин. Буларга ызы-чуу гана керек. Окуу жайдын келечегин, өнүгүүсүн, студенттердин, мугалимдердин тагдырын «уруп» да ойнобойт. Эртең мен кетсем, карап турсаңыздар кадам басып койбойт ал жерге.

Эли-журтумдун ак батасын албай кантип ишке киришем? Ошон үчүн, жети эмес, жетимиш өлчөп, жакшы санагандар менен кеңешип, чечим кабыл алдым — МЕН ОКУУ ЖАЙДЫН ДИРЕКТОРЛУГУНАН баш тартам. Бул тууралуу арызымды жазып, буюрса, министрликке жолдойм.

Чындап ак дилимден кызмат кылып берсем дегем. Ошол оюм менен кылган аракетим аркылуу кимди капа кылып алсам, кечирим сурайм. Мыйзамды сыйлаган айрым таза адамдар да мен үчүн катуу сындарды, ачуу кептерди угуп калышты. Алардан да чын жүрөктөн кечирим сурайм. Пенде болгон соң ак,-кара ортосунда жүрөт экенбиз. Билип-билбей кылган күнөөм үчүн Жараткандан да кечирим сурайм. Менин ар-намысымды тебелеп, акараат келтиргендерге да таарынычым жок. Аларды да кечирем. Туура жыйынтык чыгарууга аракет кылам. Эли-журтума колдон келген ак кызматымды арнай берем. Мени колдоп, жылуу пикир айткан замандаштарыма, күйөрмандарыма элибиз сыйлаган , аттуу-баштуу ага-эжелериме терең ыраазымын. Сиздерден Алла ыраазы болсун. Буюрса, баары жакшы болот деп ишенем. Элибизде бейпилдик, жерибизде кут-береке болсун.

Эки жыл мурунку окуя… 

Эске сала кетсек, Самара Каримова аталган окуу жайга 2018-жылдын октябрында директор болуп дайындалганын билдирген. Бирок эки күндөн кийин бул буйрукту андагы министр Азамат Жаманкулов жокко чыгарып, себебин да түшүндүргөн. Анын айтымында, Каримованы кызматка анын статс-катчысы (Б.Секимов тууралуу сөз болууда — авт.) коюп койгон. Эки жылдан кийин ырчы Биринчи май райондук сотуна арыз менен кайрылып, Маданият министрлигин утуп алганын 13-январда билдирген. Ал соттун буйругун көтөрүп алып, окуу жайга 14-январда барган. Бирок эмгек жамааты кабыл албай койгон.

Мугалимдер талабы…

Кечээ, 21-январда, мугалимдер «Соттон адилет чечим күтөбүз!», «Жамаат Самарага сатылбайт!», «Самаранын директор болушуна каршыбыз!» деп жазылган плакаттарды көтөрүп алып окуу жайдын алдына нааразычылык акциясына чыгышкан. Бүгүн да нааразычылык акциясына чыгып, «Биз Самара Каримованы кабыл албайбыз, себеби, анын музыкалык билими жок, иш тажрыйбасы жетишпейт. Мурунку министр Азамат Жаманкулов мыйзам боюнча туура чечим чыгарган. А азыркы министр Нуржигит Кадырбеков кандай критерий менен ырчы Самара Каримованы тандап алып бизге жиберди билбейбиз. Мыйзам боюнча иш тажрыйбасы 5 жыл болушу керек. Биз бул талабыбыздын аягына чыгабыз, айтканыбыздан кайтпайбыз» деп суукка карабай сыртта турушту…

Маданият министрлигинин кадамы…

Ал эми маданият министрлиги бул талаш маселе боюнча Бишкек шаардык сотуна кайрылгандыгын министрликтин басма сөз кызматы 19-январда билдирди. Алардын айтымында, Биринчи Май райондук сотунун судьясы бир катар процессуалдык мыйзамдардын бузулушуна жол берген: ырчы Самара Каримова сотко кайрылуу мөөнөтүн өткөрүп жиберген; мыйзам боюнча, доогер сотко 2 жылдан кийин эмес, 2 айдын ичинде кайрылуусу абзел. Тажрыйбалуу юрист Клара Сооронкулова бул чуулгандуу маселе комчулукка дайын болгондо эле, «КРнын Эмгек Кодексинин 414-беренесине ылайык, иштен бошотулган адам бошотулгандыгы боюнча талаш жагдайда буйрук менен таанышкан күндөн 2 ай ичинде сотко кайрылууга укуктуу» эле, 2 ай эмес, 2 жыл өткөндө кайрылган доогердин маселесин караган, чечим чыгарган сотту сындаган эле…

Ал эми «ызы-чууну жараткан» статс-катчы Секимов тууралуу окуйм десеӊиз, бу жердеги ШИЛТЕМЕни басыӊыз.

Айтмакчы, Бактыбек Секимов, статс-катчы болуп келгени эки жолу сөгүш, бир жолу эскертүү алганга жетишкен. Кыскасы, кыйшыгы көп кадрлардан болгон экен…

Самара Каримова болсо, 2017-жылы Оштогу «Сулайман-Тоо» музей комплексине башкы директор болуп дайындалганда да сынга катуу кабылган. Анда коомчулук сын-пикирин кабыл алып, өз каалоосу менен ал кызматтан баш тарткан эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.