Абдил Сегизбаевге коррупциялык схема боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ал эмне деди?

Абдил Сегизбаевге коррупциялык схема боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ал эмне деди?

Президенттик шайлоодо 1.46% добуш алган УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаевге кылмыш иши козголгонун бүгүн, 22-январда, Башкы прокуратура билдирди.

Башкы прокуратуранын билдирүүсүнө караганда, Абдил Сегизбаев коррупциялык схема боюнча шектелүүдө. Ал Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында жайгашкан 2,2 гектар жайыт жерди 49 жылдык мөөнөткө акысыз алып, капиталдык курулуш жүргүзгөн. Аны жашыруу максатта жакын туугандарынын атына өткөрүп койгон. Тагырагы, К.Сегизбаева жана Г.Кеңешова жасалма, мыйзамсыз документтер менен каза болгон, чет жакта жүргөн жарандарга үлүш катары берилген 18,46 гектарлык 92 жер тилкесин менчикке өткөрүп алган. Бул жерлерге салыктар төлөнбөгөнү, жайыт жерлерге уруксат кагаздары жок капиталдык курулуштар жүргүзүлгөнү жана электр энергиясы берилгени аныкталган. Топтолгон материалдар Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») менен реестрге катталып, сотко чейинки териштирүү иши башталган.

Абдил СЕГИЗБАЕВ: «Мага иш козголгонун ММКлардан билдим»

Кылмыш иш козголгонун Абдил Сегизбаев ММКлардан билгенин «АКИpress» агенттигине билдирген. Анын айтымында, ага кылмыш иши козголо тургандыгы президенттик шайлоого катышканда эле белгилүү болгон. Ошондой эле ал мамлекеттик кызматта иштеп турганда эч кандай жерди трансформациялоо менен алектенбегенин билдирген.

Эске сала кетсек, Абдил Сегизбаев Алмазбек Атамбаевдин бийлиги тушунда, 2016-2018-жылдары УКМКны жетектеген. 2021-жылы 10-январда өткөн президенттик шайлоодо ат салышып, 1.46% добуш менен 5-орунду ээлеп, 1 миллион сом шайлоо күрөөсүн кайтарып алгандардын тизмесине кирген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.