Анжеликага операция жасаган Сабырбек Жумабеков ырчынын абалы тууралуу билдирди

Анжеликага операция жасаган Сабырбек Жумабеков ырчынын абалы тууралуу билдирди

Жол кырсыгына кабылган ырчы Анжелика Кайратовага Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда шашылыш операция жасалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда, оорукананын басма сөз кызматы журналисттерге билдирди.

Алардын айтымында, Анжелика оорукананын реанимациясына кечээ, 23-январда, келип түшкөн. Ага мекеменин жетекчиси академик Сабырбек Жумабеков бүгүн, 24-январда, эртең менен операция жасаган. Ырчынын омурткасы, балтыры жабыркап, калыбына келтирилген. Учурда абалы туруктуу. Наркоздон  ойгонуп, эсине келип жатат.

Түп РИИБи: «Айдоочу рулду башкара албай калган»

Эске сала кетсек, кечээ, 23-январда, ырчы Анжелика Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунда кырсыкка кабылгандыгын Түп РИИБи 24.kg маалымат агенттигине билдирген. Милиция айтымында, кырсык кечээ таңкы саат 7:00 чамасында болгон. 34 жаштагы Асел Ж. аттуу айдоочу рулду башкара албай бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен ырчы Анжелика, анын эки кызы — 5 жаштагы кызынын буту сынган, андан улуусу жеңил жаракат алган.  Айдоочунун абалы жакшы. Жабырлануучулар Түп аймактык ооруканасына жеткирилип, жардам көрсөтүлүп, Бишкекке которулган. Ырчы Инстаграмм баракчасына: «Жаратканга шүгүр. Дарыгерлерге чоң рахмат. Баардыгыңыздарга рахмат. Бизде баары жакшы» деп жазган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.