Бакыт СЕИТОВ: «Социалдык тармактарда тараган видео Кыргызстанда болгон эмес, бул окуя…»

Бакыт СЕИТОВ: «Социалдык тармактарда тараган видео Кыргызстанда болгон эмес, бул окуя…»

Чуулгандуу тасма тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү калтырды:

Урматтуу достор! Кыргызстандыктар! Социалдык түйүндөрдө тараган видеоролик боюнча ИИМ бүгүн маалымат берген эле. Биз тактоо жана аныктоо иш-чараларын жүргүзүп жаттык. Анын үстүнө маселе тактала электе социалдык түйүндөрдө провокацияга алдырган да жарандар болду. Ошол эле соцалдык түйүндөр аркылуу ар кандай сүрөттөрдү салышып, «ушул жигит экен» деген да жалган маалыматтар, аудио да тарап жатат. Божомолго алдырбай, так маалыматтарды күтөлү.

Ошол себептүү бул маалыматты тактап койолу дедик. Видеодогу окуя Кыргызстандын аймагында болгон эмес, бул окуя чет мамлекеттердин биринде болгондугу такталды. Экинчиден, бул бир, эки жыл мурун болгондугу жана бул факт боюнча жоопкерчиликке тартылгандыгы тууралуу маалымат аныкталууда. ИИМ окуянын чоо-жайын тактоо максатта, ошол мамлекетке ыйгарым түрдө суроо өтүнүчүбүздү жибердик. Кыска убакыттын ичинде бул видео качан, кайсы жерде болгондугу тууралуу, кимдер экендиги жана кабыл алынган чечимдер боюнча расмий түрдө билдиребиз.

Урматтуу достор, бул окуяга кайдыгер карабаган замандаштарым, бул факт боюнча жакын арада кошумча маалымат боло тургандыгын билдирем.

Эске сала кетсек, бүгүн, 24-январда, мончодо жаш баланы күч колдонуу менен зордуктап жаткан видео социалдык тармактарга тарап, коомчулук реакция кылып, бул окуяга ИИМдин чара көрүүсүн талап кылган. ИИМ бул факт катталып, издөө иштери башталганын, жакын арада так маалымат берээрин билдирген. 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Бакыт СЕИТОВ: «Социалдык тармактарда тараган видео Кыргызстанда болгон эмес, бул окуя…»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.