ВЫСОЦКИЙ: «Карышкырга аӊчылык, карышкырга!». «Азоо аттар». Которгон Эрнис АСЕК уулу

ВЫСОЦКИЙ: «Карышкырга аӊчылык, карышкырга!». «Азоо аттар». Которгон Эрнис АСЕК уулу

Эсен болуп, эстей жүр!

Бүгүн, 25-январь – Орусиянын белгилүү ырчысы, атактуу актер Владимир Высоцкийдин туулган күнү. Орустар талантты баалаганды билишет, жылда жогорку деӊгээлде эскеришет. Орустар менен кошо Высоцкийди менин Эрнисим да эскерчү… Дегеним, Высоцкийди өтө жакшы көрчү. Анын ырларын күндө укчу. Чыгармаларын окучу. Ал тартылган кинонун баарын көрчү. Өзгөчө «Место встречи изменить нельзя» аттуу атактуу советтик сериалды көргөндөн тажачу эмес. «Высоцкийдин отурган кабинетинин номуру 13 экен да» деп жылмайып койчу…

«Эмнеге мынчалык жакшы көрүп калдыӊ эле?», — десем, «Высоцкийдин ырларынын түпкүрүндө көп нерсе жатат. Философия…  Чыгармачылыгын баалайм. Гитарага кызыгып калганым да ошондон. Высоцкийдин ырларын ырдагым келчү. Кичине кезимден эле жакшы көрчүмүн. Он жашта болсом керек, Мелис байкеме: «Владимир Высоцкийдин концертине Москвага барып келбейлиби»,- деп сурансам, байкем макул болгон. Айтор, бир нерсе болуп барбай калганбыз. Мелис байкем да жакшы көрчү«, — деп калаар эле…

2013-жылы Высоцкийдин ырларын которгонун капысынан компьютеринен көрүп калып, окуп алып, котормосуна абдан баа бергем. «Ай-ий, Высоцкийдин ырларын которуу өтө оор да, кантип котордуӊ? Котормок түгүл, ырын укканда түшүнбөйбүз», — десем, «Силерди түшүнсүн деп котордум», — деп күлүп калаар эле…  Ошол жылы “Баягы Асаба” гезитибиз чыккан. «Котормолоруӊду кучактап жата бербей, эл да окусун да. Гезит колуӊда, бир полоса берип койбойлубу?» деп көндүрүп, котормосун чыгарттым эле. Эрнис Асек уулунун котормолорун окуп, эсен болуп, эстей жүрүӊүз!

Назира СААЛИЕВА

Владимир Высоцкий

Акын катары көрүшпөдү. Ошого аябай туталанып жүрдү. Жөн эле бард, «блатной» ырлардын «атасы» катары гана көрүштү. Америкага барганда, Нобель сыйлыгынын ээси Иосиф Бродскийге жолукканда, «Ой, сен чындап эле кыйын акын турбайсыӊбы! Сеникиндей уйкаштыкты Пушкинден да кезиктирбегем» дегени дем-күч берди. Өлгөндөн кийин гана орустар «кылымдын кыйыны» катары кабыл алышты. Бирок эл жакшы көрчү, эл баалачу.1980-жылы Высоцкий өлгөндө жер тепкилеп ыйлаганым эсимен кетпейт. Кыргызчалайын дейм, өзүндөй бералбайм. Эми окшошконсуп келатат. «Карышкырга, аӊчылык, карышкырга» деген ырын которгондон кийин гана батынып калдым. Эми эки ырын котордум. Кыргызга жагабы, жакпайбы, айталбайм, бирок менин Высоцкийдин талантына болгон таазимим ушул болду…

Эрнис АСЕК уулу

Большой Каретный

Он жети жылым кайда?

На Большом Каретном.

Он жети кайгым кайда?

На Большом Каретном.

Оюнчук тапанчам кайда?

На Большом Каретном.

Мен бүгүн кайда жокмун?

На Большом Каретном.

Эх, досум, эсиӊдеби?

Бизге тааныш үйүӊ?

Бекер өтөт жарым өмүр,

Көкүрөктө түйүн.

Большой Каретныйда

Өмүрүӊ өтпөсө,

Өмүр бою болот

сенин гана жүгүӊ.

Он жети жылым кайда?

На Большом Каретном.

Он жети кайгым кайда?

На Большом Каретном.

Оюнчук тапанчам кайда?

На Большом Каретном.

Мен бүгүн кайда жокмун?

На Большом Каретном.

Атын да өзгөртүп бир салышты,

Баарысы мурункудай да эмес.

Болбосун, мурункудай болбосун,

А бирок өтөт экен элес.

Он жети жылым кайда?

На Большом Каретном.

Он жети кайгым кайда?

На Большом Каретном.

Оюнчук тапанчам кайда?

На Большом Каретном.

Мен бүгүн кайда жокмун?

На Большом Каретном.

1962

Азоо аттар

Жар кырында турамын,

жар кырында,

Аттарды кызылдай бир

камчылаймын!.

Аба жетпей көкүрөк ыйлап турат,

Аягы жок дүйнөнү тамчылаймын…

Астагыла, астачы, азоо аттар,

Камчымдын катуулугун билгилечи!

Жолуктуўар алдыман азоо аттар,

Жомокту эмес, жашоону илгилечи!

Аттарды сугарамын,

Ырым бүтөөр,

Көз ирмем турайынчы,

Сөзүм түтөөр…

Камчым да, шапалагым «чак»

дей түшүп,

Жамбашыӊа аттардын урулсунчу!

Өкүргөн ырларыман,

өкүргөн өмүрүмөн

Бир нерсе курулсунчу!

Кетемин келбес болуп,

Алакандан учкан бир куш

канаттай…

Таӊ атпай мени көргө алып кетет…

Аттарым, аргымактар

артта калбай…

Ошентип,

Антип-минтип,

Узартып койгулачы өмүрүмдү,

Акыркы сапарына узаткыла

өлүмүмдү…

Астагыла, астагыла,

азоо болгон аттарым, ай!

Амирин кудайымдын билбейсиӊер.

Азоо аттар туш келип өмүрүмө,

Ырдатпай, жашатпай да,

тилдейсиӊер…

Сугарам аттарымды, сугарамын,

Ырымдын аягына чыгайын дейм.

Кєз ирмем жар учунда турайынчы,

Сырымдын ачыгына

чыгалсам бейм…

Биз Кудайга үнүбүз жетпей,

Периштелер кыйкырат

терс сүйлөп алып,

Коӊгурообуз билгендей кошок ырын,

Аттарыма кыйкырам

арта салып…

Астагыла, астагыла, азоо болгон

аттарым, ай!

Амирин кудайымдын билбейсиӊер.

Азоо аттар туш келип өмүрүмө,

Ырдатпай, жашатпай да,

тилдейсиӊер…

Сугарам аттарымды, сугарамын,

Ырымдын аягына чыгайын дейм.

Көз ирмем жар учунда турайынчы,

Сырымдын ачыгына

чыгалсам бейм…

1972

“Баягы Асаба”, 2013-жыл

Высоцкий: «Карышкырга аңчылык, карышкырга!»

Жулунам күчүмдүн баарынча,

Чыңалат кантамыр, тарамыш.

Бүгүнкү – кечээдей. Кубалайт,

Туш-туштан курчаган жыламыш.

Мылтыктар талдардан «тарс» этип,

Мергендер карааны байланган.

Ак карда туйлаган бөрүлөр,

Типтирүү бутага айланган.

Карышкырга аңчылык, карышкырга!

Бөлтүрүктөр калтырап карышууда.

Кызыл желек кан жайнап аппак карда,

Кыйкырган үн, үргөн ит жарышууда.

Бирдей оюн ойнобой бөрү менен,

«Кың» деп койбойт мергенчилер дегеле.

Курчап салып желек менен айланта,

Атып жатат как жүрөккө, чекеге.

Карышкырлар өз мыйзамын бузушпайт.

Бөлтүрүгү сокур болуп төрөлөт.

Эне сүтүн соруп жатып аларың,

Сорот өлүм, ошондуктан бир өлөт.

Карышкырга аңчылык, карышкырга!

Бөлтүрүктөр калтырап карышууда.

Кызыл желек кан жайнап аппак карда,

Кыйкырган үн, үргөн ит жарышууда.

Төрт шыйрак тез, азуубуз да кем эмес,

Жолбашчыбыз айтчы бизге, эмнеге –

Жин ургандай окту көздөй жүгүрүп,

Жеп жатабыз как жүрөккө, чекеге?!

Көкжалдардын көкжалдыгы ушунда:

Бүтүп өмүр, ажал гана тунууда.

Ажалыма келген киши жылмайып,

Мылтыгын серт мени көздөй сунууда.

Мен эч кимге баш ийбейм, баш ийбеймин.

Өмүр куну оңойго турбайт экен.

Бар болгону артыман каткырышкан,

Кишилериң жаныңды урбайт экен.

Жулунам күчүмдүн баарынча,

Чыңалат кантамыр, тарамыш.

Бүгүнкү – кечээдей.

А бирок,

Жеңбеди мергенчи-жыламыш.

Карышкырга аңчылык, карышкырга!

Бөлтүрүктөр калтырап карышууда.

Кызыл желек кан жайнап аппак карда,

Кыйкырган үн, үргөн ит жарышууда…

Даярдаган Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “ВЫСОЦКИЙ: «Карышкырга аӊчылык, карышкырга!». «Азоо аттар». Которгон Эрнис АСЕК уулу

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.