Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев камалды

Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев камалды

Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 48 саатка камалды. Бул тууралуу «АКИпресс» өздүк булактарына таянып жазып чыкты.

Алардын айтымында, Абылгазиевдин баш коргоо чарасы каралганга чейин Тергөө абагында болот. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал «мыйзамсыз жол менен байыган» деп шектелип жатат.

Эске сала кетсек, былтыр октябрда Мухаммедкалый Абылгазиев Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматка (Финпол) суракка чакырылып, анда ал эч кандай мыйзам бузбаганын билдирген. Быйыл 12-январда Финпол жетекчиси Сыймык Жапыкеев Абылгазиевдин ишин аягына чейин чыгараарын билдирген эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев камалды

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.