«Белизгейт» боюнча Сегизбаев камалды. Салянова бүгүн сотто толугу менен акталышы керек!

«Белизгейт» боюнча Сегизбаев камалды. Салянова бүгүн сотто толугу менен акталышы керек!

Мурдагы юстиция министри, мурдагы башкы прокурор, Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты Аида Салянованын Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышына байланыштуу ишин Жогорку сот бүгүн, 27-январда карайт. Соттук отурум саат 10.30да башталат. Бул тууралуу Аида Салянованын адвокаты Рабига Садыкова билдирди.

Адвокаттын айтымында, ишти кайра кароого үч жагдай негиз болгон. Соттук териштирүү 6-январда болмок, анда прокурордун даяр эместигине байланыштуу бүгүнкүгө жылдырылган.

Таба эмес, тобо!

УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев УКМКга чакырылып,  бир нече саат суралып, камалганын Башкы прокуратура 25-январда билдирген. Прокуратуранын маалыматына караганда, Сегизбаев  «Белизгейт» фактысы боюнча камалган. УКМК менен Аскер прокуратурасынын биргелешкен иликтөөсүндө, ал күнөөлүү деп табылып, Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») негизинде кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

«Белизгейт» боюнча чуу 2016-жылы Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин убагында башталган. Анда Абдил Сегизбаев УКМКнын жетекчиси болчу. Анын «Белизгейт» боюнча Атамбаевге берген документтери жасалма болуп чыкканы коомчулуктун кыжырына тийген. Бирок, агездеги бийлик, Ак үйдүн көзүн караган күнкарама соттор укмаксан, көрмөксөн болуп койгон. 5 жылдан бери күнөөсүз үч адам (Ө.Текебаев, А.Салянова, А. Шыкмаматов) ак жерден, жалган жалаа менен сотто суралып, алардын тарапташтарынын талабы аткарылбай келген. Эми минтип акыйкаттык орноп, «Белизгейттин» авторлорунун бири гана камалды. Таба эмес, тобо, «кыӊыр иш 40 жылда билинет» деген ушу. Үч үлкөн адамга моралдык да, психологиялык да сокку кылган Абдил Сегизбаев боюнча Башкы прокуратура адилеттүү чечим кабыл алды. Бүгүн чындыктын учу көрүнө баштады.

Жогорку сот саясий ишке чекит коюшу керек!

«Белизгейттин» алкагында, мурдагы башкы прокурор, мурдагы Жогорку Кеӊештин депутаты Аида Саляновага карата, Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышына байланыштуу саясий иш козголгон. Бул ишти Жогорку сот бүгүн караганы турат. Бул маселеге укуктук баа берилип, чекит коюлушу керек! Анткени «Белизгейт» фактысы боюнча Сегизбаев камалды. «Мегакомдун» алкагында «лицензия иши» козголгон. Сегизбаев жоопко тартылып жаткандан кийин, «лицензия иши» автоматтык түрдө жокко чыгарылып, Аида Салянова толугу менен акталышы керек! Болбосо коомчулукта саясий суроолор кала берет.

Садыр Жапаровго үмүт чоӊ…

6-президент Садыр Жапаровго үмүт бар. Анткени ал кечээги кайрылуусунда: «Биз мыйзамдуу өлкөдө жашашыбыз керек!»,-деди. Буга чейин «саясий куугунтук болбойт!»,-деген. Саясий куугунтукту жүргүзгөндөрдү жоопко тартуу жаӊы бийлик үчүн жакшы прецедент. Бардык саясий иштер боюнча чекит коюлушуна убакыт келип жетти.

Баягы эле «Вечерний Бишкек» менен баягы Өмүрбек Абдрахмановдун калпы…

Баса белгилей кетчү бир нерсе, 2016-жылы «Белизгейтти» баягы багы ачылбай келаткан «байкуш» «Вечерний Бишкек» менен «Дело №» күчөтүп жиберген. Алар Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахмановдун сөзүнө таянып, «сенсация» деп жалаяктай материал жарыялашкан. Абдрахманов “чөнтөк” соттору («Прокуратура да (Салянова) көңүл бөлбөй койгон» деп Салянованы кыпчый кеткен — авт.) аркылуу Текебаев 100 000 сом өндүрүп алганын айтып чыккан.  «Вечерканын» эмес, башка калыс журналисттер ага: «Акча алганын көрдүӊүз беле?» деп суроо узатканда: «Мен көргөн эмесмин, орустар менен жолугушуусуна катышкам»,-деген. Кийин бул маселе боюнча сотко күбө катары чакырылганда, ал: «Автомат такаса да барбайм» деп баш тарткан. Бул эмнени билдирет? Бул калп, эч кандай далили жоктугунан кабар берет.

Абдрахмановдун айткандарын бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуп, төмөндөгү видеодон уксаӊыздар болот:

Мына, жөө жомок. Эгер далили болсо, сотко катышып, далилдеп бермек. Жок жерден эле Аида Салянованын атын атап, бул ишке байлашкан. Бакиевдердин адамы Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышына жардам кылып, «алар менен кызматташкан» деген таризде бакырайган материал чыгарышкан. Албетте, бул макаланын, Абдрахмановдун артында бир саясатчынын кулагы көрүнүп, анын заказы менен жазылганы ошол учурда эле айдан ачык билинген.

Курманкул ЗУЛУШЕВ: «Салянованын «лицензия иши» боюнча күнөөсү жок»

Аида Салянованын «лицензия ишинде» эч бир күнөөсү жоктугун дасыккан юристтердин бардыгы эле далил менен ушул күнгө чейин айтып келишүүдө. Азыркы башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеӊеште депутат болуп турганда, Аида Жеӊишбековнанын күнөөсү жоктугун айткан. Аны төмөндөгү видеодон 3:40тан баштап уксаӊыздар болот:

Эсиңиздерде болсо керек, «Белизгейт» жаңжалы 2016-жылы декабрда чыгып, чуу жараткан. Анда УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова “Альфа Телекомдун” 50% акциясын сатууну көздөгөнүн, муну Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынган документтер тастыктап турарын айткан. Атүгүл, ал документтерди андагы президент Алмазбек Атамбаевге да көрсөткөн. Бул чатак иш боюнча документтер жасалма болуп чыкса, Сегизбаев жооп берээрин Атамбаев айткан.

Жогорудагы шоунун баарын КТРК тартып, 24 саат берип, бир жумага чейин, бир жактуу шыбап турушкан. Экинчи тарапка сөз берилген эмес. Алар атайын репортаж даярдап, такталбаган, жасалма документтердин негизинде каралоо жүргүзүп, укмуштай бир чоң саясий авантюрага барган. Агездеги КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков парламентте: «Бакыйган киши (Абдил Сегизбаев тууралуу кеп болууда — авт.) материал жиберип жатса, ага ишенебиз да»,-деп жооп берип, «Эмне биз бакыйган киши эмеспизби? Эмне үчүн экинчи тараптын да үнүн укпай туруп, материал бересиӊер»,-деп Өмүрбек Текебаевден тил уккан эле. «Жалган жалаа» таратканы үчүн Илим Карыпбеков да жоопко тартылышы керек! Биз муну 5 жылдан бери эле талап кылып келатабыз.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.