Ибрагим Жунусов Жахангир Аламды кабыл алды. Элчилер эмнени талкуулашты?

Ибрагим Жунусов Жахангир Аламды кабыл алды. Элчилер эмнени талкуулашты?

Бенгалия тараптын демилгеси менен элчилер жолукту. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов Бангладештин Кыргызстандагы элчиси Мухаммед Жахангир Аламды кечээ, 26-январда, кабыл алды. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы бүгүн, 27-январда, билдирди.

Алардын айтымында, Ибрагим Жунусов алгач Жахангир Аламды кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгилик каалаган. Ошондой эле ал эки мамлекеттин ортосундагы көп кырдуу байланыштарды өнүктүрүүнүн жана чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгилеген. Ал эми Жахангир Алам Кыргызстандагы президенттик шайлоонун жана  референдумдун ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун 28-январда өтө турган инаугурациясына да ийгилик каалаган. Ошондой эле ал Бангладеш Кыргызстан менен кызматташууну мындан ары чыңдоого өзгөчө маани берээрин билдирген.

Жолугушуу жүрүшүндө элчилер кыргыз-бангладеш мамилесинин учурдагы абалы, келечеги, эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү, соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүү, текстиль өнөр жайы, туризм жана айыл чарбасында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашкан. Ошондой эле алар маданият жана билим берүү жаатында, айрыкча эки өлкөнүн боордош шаарларынын алкагында өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү зарылдыгын баса белгилешкен. Эки тарап багыттар боюнча конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин билдиришкен.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.