Ант бергенден кийин Садыр Жапаров Ак үйгө отурбай турган болду. Кайсы жерден иш алып барат?

Ант бергенден кийин Садыр Жапаров Ак үйгө отурбай турган болду. Кайсы жерден иш алып барат?

Бүгүн, 28-январда, Кыргызстандын 6-президенти Садыр Жапаровдун инаугурациясы Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында болот. Ал ант берип, кызматына расмий түрдө киришет.

Президенттин басма сөз кызматынын айтымында, иш-чарага жалпысынан миңден ашуун киши чакырылган. Баары коронавируска ПЧР анализ тапшырышкан. Санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталат. Инаугурация саат 10.45те башталып, Ала-Тоо аянтында да түз эфирде көрсөтүлөт.

Иш бөлмөсү каерде болот?

Садыр Нургожоевичтин иш бөлмөсү өкмөт үйүндө даярдалганын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев ММКларга билдирди. Анын айтымында, инаугурациядан кийин президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов Жапаровду иш бөлмөсү менен тааныштырат.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразычылыктан улам бийлик алмашкан. Анда бир топ саясатчылар абактан бошотулган. 10 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Садыр Жапаровду да тарапкерлери абактан чыгарып алышкан. Садыр Жапаров алгач премьер-министр, анан президенттин милдетин аткарып калган. 10-январда президенттик шайлоого ат салышып, 17 талапкердин ичинен 80% добуш менен жеӊишке жетишкен.

Өмүр баяны

Президент Садыр Жапаров 1968-жылы Ысык-Көлдүн Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында туулган. Жогорку билимдүү. Аскер кызматын өтөгөн. Эмгек жолу «Солтонкул» дыйкан чарбасынын жетекчилигинен башталган. Андан кийин»Кергей» нефти компаниясынын директору, 1996-1997 — Ысык-Көл облустук ИИМдин атайын ротадагы инспектору; 1997-2001 — Мунай зат ташыган «Гузель» компаниясынын башкы директору; 2001-2005 — Балыкчы шаарындагы «Нурнефтегаз» мунай компаниясынын башкы директору; 2005-2007 — Жогорку кеңештин депутаты, «Келечек» фракциясынын жетекчиси; 2006 — Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын мүчөсү; 2007 — Мунапыс берүү боюнча комиссиянын жетекчисинин орун басары; 2008-2010 — Жемкордукту алдын алуу улуттук агенттигинин комиссары; 2010-2013 — Жогорку кеңештин депутатты, сотттук-укуктук маселелер боюнча комитеттин жетекчиси болгон.

2017-жылы 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камалган. «Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган» деп айыпталып, 10 жылга кесилген. Жапаровдун адвокаттары чечимди өзгөртүү үчүн сотко бир топ жолу кайрылышкан, бирок өкүм өзгөрүүсүз калып келген. Ошол эле жылы, сентябрда Жапаровдун атасы Нуркожо Мустали уулу каза болуп, топурак сала албай калган. 2019-жылы мартта апасы Кадича Жапарова көз жумса, август айында уулу Дастан жол кырсыгына кабылып мерт болгон. Апасы менен уулуна топурак салууга уруксат берилген.

2020-жылы 6-октябрда абактан бошотулуп, премьер-министрликке көрсөтүлгөн. 14-октярбда премьер-министр болуп бекитилип, 15-октябрда президенттин милдетин аткарып калган. Декабрда кызматын ЖК төрагасы Талант Мамытовго өткөрүп берип, 2021-жылы 10-январдагы президенттик шайлоого катышып, жеӊип чыккан.

Ошентип, биз 30 жылдык эгемен жашообузда 6-президентти шайлап алдык… Кудайым колдоп, тандоодон жаӊылган жокпуз  деген үмүттөр акталсын…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.