Мелис ЭШИМКАНОВ: «Колуктум жаман киши экен…»

Мелис ЭШИМКАНОВ: «Колуктум жаман киши экен…»

Эсен болуп, эстей жүр!

Мыкты котормочу, акын, журналист, философ, гений Эрнис АСЕК уулу былтыр 29-январда дүйнөдөн өткөн. Сөөгү ушул күнү 31-январда Ат-Башы районундагы киндик каны тамган айылы  Кызыл-Тууда жерге берилген. «Чиренип жатат сөөгүм…» деп селт эттирген ырындагы сапта жазгандай, кантели, куттуу үйүнүн төрүндө эмес, жер алдында чиренип жатканына туптуура бир жыл болду…

“Артыңда эстей жүргөн кишиң болсун, эскерип жүрөр ишиң болсун” дегендей, Эрнис АСЕК уулун жылы бою эмгеги менен эскерген адамдар оголе көп болду. Өзү да, сөзү да, эмгеги да, бир тууган агасы Мелис Эшимканов да эскерилүүдө… Эки гений ага-ининин эмгегин, жакшылыгын унутпай эстеп, эскерип, куран окутуп келаткан жакшы адамдарга өзүмдүн, үй-бүлөбүздүн атынан ыраазычылык билдирем.

Назира СААЛИЕВА

Архивден…

«Колуктум жаман киши экен…»

Ушул саптарды, балалык ырды Мелис байкем көп колдонор эле. Бул жарык дүйнө менен коштошконуна туура үч жыл болду. Азыр байкем жөнүндө китеп жазып жатам. Төрөлгөндөн беркисин, жети атабыздан бери, көз жумган күнүнө чейин. Далай кишинин жүзү ачылат көрүнөт. Бала кезден менде бир адат калган экен, күнүн күнүндөй, айтылганы айтылгандай, тууганбы, кесиптешпи, таанышпы, саясый окуябы, ар кыл дептерлерге жаза берипмин, жаза берипмин. Көрүп алып, өзүм чалкаман кеттим. Өзүнчө эле бир тарых. Башкы каарманы – Мелис Эшимканов. Көп жеринен жаңылбасымды түшүндүм. Анан бала кезиндеги окуяны чоң апам менен апам көп айтышар эле. Ошол окуяны жазайын десем, байкем студент кезинде өзү жазып коюптур. 19 жашында жазган экен. Азыркы 19 жаштагы жаш уландар ушинтип жазабы? Ошону келтире турайын…

Эрнис АСЕК уулу

 «Баягы Асаба». 11.09.2014-ж

Тырмак алды «тырмагы»

Табышмак

«Токмокко бардым топоюп, топоюп,

Кайра эле келдим, бопоюп, бопоюп.

Кайненем жакшы киши экен,

Калама берип сыйлады, сыйлады.

Колуктум жаман киши экен,

Койнума жатпай ыйлады, ыйлады…» — деп улам-улам ырдачу элең, короодогу балдар менен «учту, учту» ойноп атып, тамды, калем сапты, уйду «учуруп» жибергенде.

(Балалык доордун баянынан).

Дүйнөдө табышмактар э-эң көп эмеспи. Күн менен түн тогошкон сайын, адам алдыга кадам таштаган сайын жаңы сырлар катылган чээнинен чыгат, көздөрүн алайтып, таң калып:

— Эй, Адам, сен абдан кыйын турбайсыңбы?! – деп. Айталы, мобул табышмакты ким билбесин? Угуп турсаң…

«Ай астынан өткөн жигит,

Алтын чоор тарткан жигит,

Күн астынан өткөн жигит,

Күмүш чоор тарткан жигит…» деп таржымалын айтканда асманда тизилип учуп бараткан каркыраларга көз учугун жибересиң. Экинчиси мындай: «Жетимиш кемпир жер тиштейт». Ошондо төрт кыбылаңдагы боз үйдүн керегелери чын эле жомоктогудай көрүнөт. А эгерде табышмак сага: «Ичи ичинде, ичегиси тышында» десе, дымыган теребел жанданып, комуз күүсүн эшитесиң. Күүнү уга берип, уга берип аргымак дүбүртүн эңсейсиң. «Тептим, терекке чыктым» десечи? Анда бар эмеспи, ээ, үзөңгүнү чирене тээп, теминеси, эңсеген аргымагыңды минип алып. Табышмак – чоң ата-чоң энелерибиздин байлыгы, кыргыздын байлыгы. Атам замандан бери келаткан мурас. Сен аны таарынтпай, жакшылап угуп, дайыма туура таап жүр, макулбу? Ии, баса, кое турчу. Жаңылбасам адамдын ички дүйнөсүнөн алынган табышмак бар болуш керек. Эски барактарымды ачып көрөйүнчү.

«… А кезде Уй-Булактагы жайлоодо тун уулум Бакыйдыкында элек. Кичүү уулум Асек, келиним Саадат, балдары менен ошол жайлоодобуз. Жайкы ысыкта Арпанын тукабадай кулпурган төрлөрүнө не жетсин! Анын үстүнө уулум бээ байлап, үйүнөн кымыз үзүлчү эмес. Тууган-туушкандар, айылдаштар эртели-кеч анын үйүнөн кетпей, «байдын кымызынан өтөөрү жок» деп тамшанып калышчу. Кошуна аттуудан эки үй боло турган. Кудай коногу болуп жолоочулар да кайрылар эле. Доктур уулум келинчеги, балдары менен аларды жадырап-жайнап тосуп алышат. Күндө майрам, күндө той. Боорсок жасаган күн да той, кой санаган күн да той. Айтор базар. Анан ушул саргалдайым төрт жашка келип, чендейген курсагы жабылбай, деле тепеңдеп эле жүрүчү. Атка мингизип койдуң, болду, ээрдин кашын кармап, корккону менен жерге такыр түшкүсү келбейт. Кызык көрүнчү да кенедей немеге. Кудайга шүгүр, шерине кылып дегендей, кээде жөн эле ысык тамакка, байбиче кошуналарды чай-пайга чакырып турчубуз. Бирок, тиги Саадат келиним анык жаман абалда калбадыбы. Жаны тынбай күнү-түн тамак жасайт, нан бышырат. Деги түтсө, буюрсун. Өзгөчө түшкө маал жаркөп жасамай адат эле. Бозүй толтура киши, ызы-чуу түшкөн балдар. Ошондо мына тамак бышайын дегенде, эшиктен кошуналар балдарын тоокчо ээрчитип кирип келишет. Тамак жетпей уят да болду курган келин. Ботом, ой, күндө деле ошо, тамак чыгарарда кошуналар киришет. Келген кишини куумак белең? Андай биздин салтта жок. Кеп тамакты аягында эмес, ойлоп көрсөң, күндө тамак чыгарарда — конок. Отуз кишинин курсагын тойгуза турган ыстолобой болбосо. Же өз тойбой, же бөтөн тойбой, чыныларды чукуп, жалап-жуктайбыз.

Кошуналар өздөрү деле таңгалды окшойт, бир күнү ыраматылык төөчү Наамат, жакшы киши эле, сакалын сылап, дагы бир түшкү тамактан кийин:

— Ай, ушул биздин Мелис сыйчыл болот го. Тамактан калтырбай чакырат, ананайын, эл кишиси болот го,- деп калды.

Тобоо, ошондо араң чечилбедиби табышмак. Көрсө, саргалдайым үйдөн жеңеси тамак жасаганда эле кошуналарга «чуу» койчу тура. Аа, алдыңа кетейиним, пейилин көрбөйсүңбү. Бир-эки жолу кошуналарды конокко чакырса, кыныгып калган го. Бала да. Ошол таза пейилиңен жазба, көлөкөм, аман бол…»

Пайгамбар жашын такымдаган, сенин балпайган чоң апаң Данияр кызы Койсун дайыма ушинтип тээ алыста бүлбүлдөгөн кызык окуяны көп эскерип калат. Өзүңө да айтты беле?

 Мелис ЭШИМКАНОВ, март, 1981-жыл.

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.