ВИДЕО — Эрнис АСЕК уулу: «Чиренип жатат сөөгүм…»

ВИДЕО — Эрнис АСЕК уулу: «Чиренип жатат сөөгүм…»

Эсен болуп, эстей жүр!

Мыкты котормочу, акын, журналист, философ, гений Эрнис АСЕК уулу былтыр 29-январда дүйнөдөн өткөн. Сөөгү ушул күнү 31-январда Ат-Башы районундагы киндик каны тамган айылы  Кызыл-Тууда жерге берилген. «Чиренип жатат сөөгүм…» деп селт эттирген ырындагы сапта жазгандай, кантели, куттуу үйүнүн төрүндө эмес, жер алдында чиренип жатканына туптуура бир жыл болду…

“Артыңда эстей жүргөн кишиң болсун, эскерип жүрөр ишиң болсун” дегендей, Эрнис АСЕК уулун жылы бою эмгеги менен эскерген адамдар оголе көп болду. Өзү да, сөзү да, эмгеги да, бир тууган агасы Мелис Эшимканов да эскерилүүдө… Эки гений ага-ининин эмгегин, жакшылыгын унутпай эстеп, эскерип, куран окутуп келаткан жакшы адамдарга өзүмдүн, үй-бүлөбүздүн атынан ыраазычылык билдирем.

Байымсыз өткөн бир жыл…

Эрнис АСЕК уулу. Агасын арман кылып, бир калыпка келе албай жүрүп өкүттө өттү, чынында. Акыры асыл адамынын артынан кетти. Өлөөрүн билгендей, сезгендей көп нерсе жазып кетиптир. Сыр сандыгынан, күндөлүгүнөн, компьютеринен көп нерсе таптым. «Бала кезден менде бир адат калган экен, күнүн күнүндөй, айтылганы айтылгандай, тууганбы, кесиптешпи, таанышпы, саясый окуябы, ар кыл дептерлерге жаза берипмин, жаза берипмин. Көрүп алып, өзүм чалкаман кеттим. Өзүнчө эле бир тарых» деп Эрнисим өзү жазгандай, байым өзүнчө эле энциклопедия экен.

Бала кезинен бери жазгандарын ыйлай-сыктай компьютерге тердим. «Эрнис Асек уулу» деген килейген китеп болуп чыга келди. Ал буйруса, ашына чейин колуӊуздарга тийет. Ага чейин «Алакан» деп атап, «Беш кол теӊ эмес» деп жазып, беш манжанын сүрөтүн коюп, эстеликке калтырып кеткен сайтыбызга жазгандарынан, ырларынан тамчыдан берип турабыз.

«Эх, чоң апам, эх, атам, эх, апам, эх, Мелис байкем, мен силерге баратам” деп жазыптыр… Акыры асыл адамдарына кетти…

Үзүктөй өмүрү үзүлгөн күнү эӊ биринчи алтындай болгон журналист иним, акын иним Зайырбек Ажыматов телефонума чалып, «Жаман кабар уктум. Чынбы, эже?» деп, кайрат айтып, капаланды эле… 29-январда, 31-январда да Эрнисимди эскерип жазып, ырларынан «Азаттыкка» берген эле. Анда асыл жигит Зайырбек тирүү эле… Минтип арабызда эми өзү да жок… Арман… Бир суранычын аткара албай калдым. Эрнис тууралуу эскерүү жазып бериӊиз деп, байымдын архивиндеги сүрөттөрүнөн сурады эле. «Сүрөттөрдү салсаӊыз, ошол мүнөттөрдү эстеп, эки гений агам тууралуу эскерүү жазып берейин»,- деди эле. Күйүттөн күн өткөрүп жиберипмин… Капысынан кетип калаарын деле билген жок элем. Кечир мени, алтын иним Зайырбек!

Зайырбек Ажыматовдун эскерүүсүн бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот. Эрнистин Зайырга арнаган ырын, Зайырбектин Эрнис тууралуу оюн окуйм десеӊиз, бу жердеги ШИЛТЕМЕни басыӊыз.

Жаткан жериӊер жайлуу, топурагыӊар торко болсун, кыргыздын туйгундары!

Назира СААЛИЕВА

Эмесмин…

Көрүмө келдиңби, сен?

Келдиңби куран окуп,

Умсунтуп өткөн элес,

Убайым убал токуп?

Желаргы чачың сылап,

Жебелер мүнөт санап,

Тумтак бир ойлор келип,

Турабы жүрөк канап?..

Аттиң ай, андай эмес…

Асмандан көз көрүнбөйт.

Ыргалган терек болбой,

Ырлардан сөз бөлүнбөйт…

 

Жер алды түнт, караңгы.

Жетеней тамчы тамат.

Уктаган ушул дене

Умсуна камчы самап…

Үшүгөн үмүт да жок,

Үлгүрөйт болгон сезим.

Жыландай сойлоп суроо,

Жымжырттык болгон кезим…

 

Баарысы артта калды,

Бакыттын мөмөсү жок.

Эх, кандай бактылуумун?

Эргүүнүн төбөсү жок…

Кыялдар учкан, учкан,

Кылымдын сезбей дилин.

Кежир бир жан эс алып,

Келбейт го эми жиним?..

 

Баарысы артта калды…

Барыңдын жогу — жакшы.

Куу тилди куураталган

Курдүрмөт огу — бакшы.

Айтканым — алыс ойлор.

Аны сен артка ташта!

Акырет дос да болбойт,

Абалды кайра башта!

Дегендин денеси бар.

Демикпей сал назарды.

Эгенин эгеси бар,

Ээликпей ук мазарды!..

 

Баарысы жалган, жалган…

Батылдык салаар жолду.

Капылет ойго келип,

Карматчы “жаман” колду…

 

Өттү кез, өттү учур.

Өмүрдүн өзү Өлүм.

Кашкайган чындык турат,

Калганы – баары төгүн.

Төрөлүк пейил жалган,

Төбөдөн көз көрүнөр…

Чаржайыт ойлор тарап,

Чаксобол Сөз көрүнөр…

 

Көрүмө келдиңби, сен?

Көөдөн жок… Сен эмессиң!!!

Чиренип жатат сөөгүм…

Чиренип жатат сөөгүм…

А бирок мен эмесмин, мен эмесмин…

Эрнис АСЕК уулу, 2015-жыл

Эрнис АСЕК уулу: «Кетип калып, ал дүйнөдөн кайта албай…»

Күндөлүгүнөн…

“Кайыр кошкун!” деген сөздү айталбай,

Кетип калып, ал дүйнөдөн кайта албай.

Калаарым чын бүктөмүндө кагаздын,

Кээкерленген жаным жайда жаталбай…

Болду, болду! Болгонумду билген бар,

Кеттим, кеттим!

Кеткен дүйнө балким тар!..»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.