Кубатбек ЖУСУБАЛИЕВ: «Эрнис, кайра тирилбейсиңби, ыя?» Кубат акесинин каты…

Кубатбек ЖУСУБАЛИЕВ: «Эрнис, кайра тирилбейсиңби, ыя?» Кубат акесинин каты…

Эсен болуп, эстей жүр!

Мыкты котормочу, акын, журналист, философ Эрнис АСЕК уулу 2020-жылдын 29-январында дүйнөдөн өткөн. Сөөгү 31-январда Ат-Башы районундагы киндик каны тамган айылы Кызыл-Тууда жерге берилген. «Чиренип жатат сөөгүм…» деп селт эттирген ырындагы сапта жазгандай, кантели, куттуу үйүнүн төрүндө эмес, жер алдында чиренип жатканына туптуура бир жыл болду…

“Артыңда эстей жүргөн кишиң болсун, эскерип жүрөр ишиң болсун” дегендей, Эрнис АСЕК уулун жылы бою эмгеги менен эскерген адамдар оголе көп болду. Өзү да, сөзү да, эмгеги да, бир тууган агасы Мелис Эшимканов да эскерилүүдө…

«Өлгөндөр даӊкталмайын, тирүүлөр баркталбайт» дегендей, ага-ининин эмгегин, жакшылыгын унутпай эскерип, алтындай болгон убактыларын бөлүп, эскерүү жазып берип жаткандарга, даӊктап, барктап, маркумдарды эстеп, куран окутуу парзын аткарып келаткан жакшы адамдарга өзүмдүн, үй-бүлөбүздүн атынан ыраазычылык билдирем.

Үч күндөн бери: «Мелис байке да, Эрнис да Кубат аке (Жусубалиев) дегенде ичкен ашын жерге таштай чуркашчу, абдан баркташчу, баалашчу. Экөө теӊ абдан жакшы көрчү эле. Кубат аке тууралуу жазгандары болсо, берип койсоӊуздар» деп сурангандар болду.

Окурмандардын суранычы боюнча, Эрнистин 2011-жылы Кубат акеси тууралуу жазганын жана 1996-жылы тегерек столдо отуруп баарлашкандарын бердик.

Назира СААЛИЕВА

P.S. Урматтуу окурмандар, сураӊыздар, жазыӊыздар. Суроолор болсо saalnaz@list.ru эл.почтага жөнөтүңүздөр. Сиздер үчүн ар дайым «Алакандын» эшиги ачык.

Архивден…

Записки от скуки

«Кайра тирилбейсиңби, ыя?»

Алайга, Кубат акеге барып калдым. Турат. Какчыйып турат. Короосунун как ортосунда какчыйып, ичине кайгылуу бир нерсени каткандай, бүт дүйнөгө наалат айтып жаткандай, соолугандан соолуган, куурагандан куураган жалгыз дарак турат. Кошуна-колоң келиптир, айылдаштар келиптир, иниси келиптир, «Куураган дарактын турганы болбойт, тилеги жаман, кыйып берели, араалап берели, бутап берели, же бизге өткөрүп бериңиз, отун кылып алалы» дешет да. Кубат аке болбойт. Кайра суу куюп коет. Мен барганда да куураган бакты сугарып жаткан экен. Таңгалганымды айт. Делдиреп карап турганымды айт. Каргадан башка куш да конбойт экен. Кубат аке болсо: «Эй, толстяк, экөөбүз ушул жалгыз талдан үйрөнүшүбүз керек» деп коет. Күндө карайм. Күндө Кубат аке сугарып жүргөн болот. Кийинки жылы куураган дарагыбыз кадимкидей бүчүр байлап, кадимкидей тирилип, жазгы желаргыга ыргалып туруп бербеспи. Жомоктогудай эле болду. Кошуна-колоң, айылдаштар, иниси, мен, Кубат аке болуп карап турабыз. Мындай керилген, мындай кооз, мындай жайкалган, бариктери да бир башкача дирилдеген даракты көрүп, көөдөндүн кудуңдаганын айт, жыргаганын айт. Бутактарында куштар да жан-алы калбай сайрашат. Кийин-кийин Кубат аке мага кат жазды. Орусча жазды. «Баягы жалгыз тал сага салам айтты. «Эрнис кандай жүрөт? Көздөрү кайгылуу эле. Менден үлгү алсын. Мендей кайра тирилсин» деди. Ушундай, толстяк! Кайра тирилбейсиңби, ыя?» деген мааниде. Ошол дарак мага үлгү болуп келет, дем берип келет…

Ал жалгыз даракка байлап көп нерсени айтсаң жарашат. Бүгүнкү айтайын дегеним… Куураган дарак мага кыргыз адабиятындай, кара сөзүндөй сезилет. Какчыйып катып турат. Соолугандан соолуп, куурагандан куурап турат. А Кубат аке сугарып жүрөт. Кубат акенин чыгармалары ошондой, өлгөндү кайра тирилткен суудай, куурап калган кыргыз адабиятына куюп жаткан арыктай. Ошол үчүн адабиятыбыздын кайра тирилишине ишенем. Жайкалгандан жайкалып, бариктери дирилдеп, бутактарында куштары сайрап, жан жыргатарына ишенем. Анда биз да Кубат акенин арыгынан суу ичели…

Эрнис АСЕК уулу

2011-жыл

Кубат аке: «Записки от скукини» тандаганың менен мага жактың”

— Сиз “Записки от скуки” деген рубрикаңыз менен таанымалсыз. Эмнеге мындай аталып калган?

— Ошол рубрика менен таанымал болгонум кызык экен… Бир жолу Мелис байкем: “Жүрү, Кубат акеникине барып келеличи” деп калды. Агезде мен студент. Бардык. Кубат аке жадырап тосуп алды. “Эй, рижанин (агезде Рига шаарында окучумун да), мен Хозяин менен сүйлөшүп алайын, сен алдагы китеп текчеден бир китеп тандап ал, окуганга берем” деп калды. Залынын бир дубалы бүтүндөй китеп текче экен. Эмне деген китептер. Көз жайнайт. Китеп дегенде жанымды берген жан элем. Мен издеген, окуйун дегенде төрт көзүмдү сегиз кылган китептер. “Бир китеп дебедиби” деп аябай карап жатам. Анан ылдыйкы катардын эң четиндеги эски, түлөгөн китепке көзүм түштү. Карасам, “Записки от скуки” деп турат. Жапон жазуучусу экен. Аты-жөнүн азыр унутуп койдум. Аталышы менен эскилиги жакты. Байыркы жапон уламыштары жазылыптыр. Жазуучу зериккенде ошолорду айтып бере берет экен. Кичинекей, кыска уламыштар. Менин стихиям экен тимеле. Ошол китепти бир жумага сурап алгам. Мелис байкем да: “Ушунча китептен тандаганың ушулбу?” деп мыйыгынан жылмайды эле. Кубат аке кийин айтып жатпайбы: “Ошол китепти тандаганың менен мага жактың” деп. Анан өзүм “Записки от скуки” жазып калбадымбы. Меники эми эсселер да…

Чынайым КУТМАНАЛИЕВА

“Алиби”, 9.09.2014-жыл

“Вы чувствуете скорбь мира?”

Кубат ака Алайдан келди. Сагындык дейбизби, жагындык дейбизби, рухий ачка болдук дейбизби (кандай айтсаң жарашат), төртөөбүз бардык. Токтогул көчөсүндөгү кызыл үйдүн жетинчи кабатында чогулдук: Кубат ака, Мелис (Хозяин), Мамат Сабыров, Данил Кыштообаев, Эрнис Асек уулу. Түнкү шамчыракты айланган шайтан көпөлөктөрдөй Кубат аканы тегеректеп олтурдук. Сөздү Кубат ака баштады.

Кубат ака: — Кандайсыңар үкалар? Данил, чем живешь?

Данил: — Жумушка барам, кайра келем, кайра жумушка. Ошол эле. Бирок жукпайт. Жумушу да, башкасы да мен аркылуу өтөт, бирок, жукпайт.

Кубат ака: — Та-ак. Вы чувствуете сегодняшнее состояние мира? (Суу жутуп алгансып, баарыбыз унчукпайбыз). Тот кто это подлинно чувствует истину. Такой мир сейчас… Анда силерге мындай суроо: Совершенный человек деп коебуз. А кто такой совершенный человек, как вы думаете?

Данил: — ???

Эрнис: — Мен совершенный болбогондон кийин, ал кандай болот айтыш кыйын го.

Мамат: — Адам жаралганда эле совершенный жаралган да. Бирок кийин ошол совершенстводон айрылды.

Мелис: — Акыйкат жолун тапкан киши.

Кубат ака: — Совершенный человек – бул сөзү менен иши бир жерден чыккан киши. Айтканын кылган ишине шайкеш келген иши. Бүгүнкү дүйнөнүн абалы тескерисинче болуп жатат да. Дүйнө башүйүртмө диний агымдарга, философияларга толуп кетти. Океанга айланды. Ошол океанда сүзүп жүрөбүз да.

Данил: — Если в этом океане содержать дыхание? Будет покой?

Кубат ака: — Вечный покой. (Баарыбыз күлүп калдык)

Данил: — Я не буду ничего не знать, я не буду не о чем думать, мне будет все равно.

Мелис: — Видимо, здесь такой момент. Мен өзүмдүн абалымды карап айтсам, мына акыйкат китебин окуп жатабыз. Бирок ага чейин тарых таануу, дүйнө таануубуз – акылмандардын, Шукшин, Феллини, Хайдеггер – майдигер беле, ошонун, Кафка, айтор, толгон-токой жазуучу-философтор аркылуу дүйнөнү таанып-көрүп келбедикпи. Кубат аке айткандай, адамдардын трагедиясы ушунда го. Анан жанагы китепти колубузга алып, биз аны өзүбүздүн рухий боштугубузду толтурган баягы эле китептер сыяктуу кабыл алдык да. Жанагы океанда сүзүп жүрүп, биз үчүн жөн гана жаңылык болгон сыяктуу. Өзүбүздүн бир инкубатордук ордубузду таап алганбыз да. Слабый порыв кылып коюмуш болуп, жанагы океанский философияга топуктанып коюп жашап жүрөбүз. Сөз менен иштин ажырымы – биздин эң талылуу жерибиз ушу го. Мен актанып жаткан жокмун, просто бул акыйкаттан башка эч нерсе жок экенин билип туруп, токтоп турганыбыз кызык. Акчага, аялга байланган жокпуз, арак-парак деген менен ишибиз жок. Анан эмне кармап турат? Мамат экөөбүз бул дүйнөнүн таттуу-таттуу балдарын таттык да, ушул жашка келгиче. Данил менен Эрнис вообще кошмар. Мамат экөөбүз окубагандын баарысын окушту. Анан ушул китептердин кулуна айланганыбыз бизге тоскоол болуп жатат го дейм. Кандай дейсиңер, үкалар?

Данил: — Так оно и есть.

Мелис: — Этот путь – гибельный. Это понимаем, “так оно и есть” деп айтабыз, но мы находимся в том же океане, продолжаем слабое плавание свое…

Кубат ака: — Эрнис, мисалы, менин студенттик кезимде “Бакыт деген эмне?” деген темада дискуссия өткөрүү мода болчу. Анан “Бакыт деген эмне?” десе эле, “Бакыт бул – аялыңды сүйүү” деп бири айтса, бири: “Эне, атаны сүйүү” дейт. Бири: “Ата Мекенди сүйүү” десе, бири: “Элиңе кызмат өтөө” дечү. Вот так, эй.

Мамат: — Бир шоопур облкеңештин карындашына үйлөнүп, анан көзүнө жаш алып: “Мен ушул үй-бүлөгө кошулганыма бактылуумун” дептир. Так что, каждый счастлив по своему.

Кубат ака: — Эми кандай дейсиңер, бакыт деген эмне?

Мелис: — Каждый рассуждает по мере своей испорченности.

Кубат ака: — Демек, Эрнис, канчалык адам бакыт жөнүндө көп сүйлөсө, ошончолук бактысыз болуп чыктыбы? Бирок ушул “Бакыт” жөнүндөгү баое суроонун түбү, мааниси бар. Бул жөнүндө алмустактан бери тиш сындырып келди да. Кийин эле машина алуу, үй алуу – бакыт болуп жатып калбадыбы. Эми адамзат бактылуу болуш үчүн эмне кылуу керек? Биз эми адамдарга үй-бүлө да, бала-бакыра да, ата-эне да бакыт алып келе албасын түшүндүк. Мир считает, что цивилизация дошло до высочайшего уровня. Бирок в самом деле, мир так несчастлив. Ушул суроо, эй! Ушул факт! Ушундан улам, я в глубокой скорби. Вы чувствуете скорбь мира? Даже можно пальцами пощупать эту скорбь. Мен истинаны да унутуп койдум да. Настолько было скорбь, что это истина не помогло. Был такой момент… Баарыңар акылдуу-эстүү, таланттуу-боорукер, жакшы кишилерсиңер. Аялдарыңар да бар, кроме моего Данила. Анан силерге бакыт башкада деген ой келбейби? Туясыңарбы?

Эрнис: — Дайыма эле эмес. Ушул кайнаган турмушка аралашып жүрүп, анан бир көз ирмемге келет, анан кайра эле көроокатка аралашып кетесиң.

Кубат ака: —  Баарыбыздыкы тең эле ушундай, чынбы? Бул туюмдан тышкары стремление деген болуш керек. Суунун агымын билесиңер да? Күнү-түнү эле жаркырап-шаркырап, күргүштөп ага берет. Ошондой суунун агымындай умтулуу болмоюнча азап чегип, проблемалардан кутула албайсыңар. Данил, адам негизи көп жөө басыш керек. Жөө жүргөн жакшы, эй. Адеттегидей жөө басып жүрүп, асманды карай салсам, летит одинокая птица. Же экөө, же үчөө. Высоко, высоко. Качан карасам эле, куш учуп бараткан болот. Анан карай баштадым. Бир карап, байкап көрсөңөр, у нее стремление просто великое. Бир жакка шашып баратат. Же уясына, же жылуу жактарга, же дагы бир жакка. Но стремление – великое. Анан бир күнү анын умтулуусу мага өтө баштаганын байкап калдым. Жалгыз учкан куштар бийик учат да. А бийикте каршылык көп болот. Мунусу да мага өтө баштады. Если есть такое стремление, напряжение, анда сөзсүз жанагы ощущение келет, Эрнис. Кичине ойлоном, анан ошол замат унутуп коем деп жатпайсыңбы. Бирөө сага тоскоол болду да, же аялың, же “Асабанын” кызматкери. Этот случай выбил тебя на несколько дней, сбила твое ощущение. Анан ал умтулуу кайра келгенче, далай убакыт өтөт. Ошон үчүн, ушундай умтулууда болуш үчүн, адамга мужество керек.

Мелис: — Кубат ака, сизге мындай деген суроо да. Ушул багытка түшүш үчүн баарын ташташ керекпи?

Кубат ака: — Жок.

Мелис: — Ошол эле “Асаба”, үй, көроокат турат. Ошолорду кесип салгыла десеңер, бизге жеңил болот эле. Жумушту кес, базарга барганды кес, отшельнический бир нерсеге өтүп ал десеңиз, физически, беркини да чогуу ала жүрүш тирүүнүн тозогу болуп жатат. Одно другому мешает. Сиз айткандай, улам эле колеядан чыгып калып жатпайбызбы.

Кубат ака: — Мелис, мен сени түшүндүм. Ошондо эмне кылыш керек?

Мелис: — Менде ушул суроо болуп жатат да. Мисалы, мен жол таап алдым, редакторлорлукту Эрниске өткөрүп бердим.

Данил: — А Эрнис кимге берет?

Мелис: — Эрнис Маматка берет (баарыбыз күлүп калдык).

Кубат ака: — Это не выход, ребята. Биз азыр баардык доорлордон, муундардан өтө эле кызык доорго туш келдик. Ошондо эмне кылыш керек? Отшельничать – это не выход, это пройденный этап. Аны мен басып өткөм. Данил, как ты думаешь, что надо делать, чтобы человек был в таком стремление.

Мелис: — Сизге жыргал, Кердегейге кетип каласыз.

Кубат ака: — Это тебе так кажется. Мен иштеп берем, эй. Мен “Асабаны” өзүм чыгарам. Силер баарыңар езжайте в Кердегей. Это мне не помешает. Даже если попросит Данил, “Нашу газету” возьму. Күндүз “Асабаны”, түнкүсүн “Наша газетаны” күндө чыгара берем. Демек, эмне кылыш керек экен? Азыркы биздин бечара киши бүткүл эрки менен тиги кишиге берилиши керек.

Данил: — Что?.. Как?.. Для этого…

Кубат ака: — Всю свою волю, Данил. Он — это путь к истине. Башка силерде жол жок.

Данил: — Как это в жизни выражается?

Мелис: — Тээ түпкүрдө түшүнүп турабыз, бирок…

Данил: — Как это в жизни?

Мелис: — Я хочу отдаться. Как?

Данил: — Что я буду чувствовать? Вот это не понятно.

Кубат ака: — Мир в таком плачевном состоянии, потому что каждый живет своим умом. Туурабы? Великое терпение керек. А терпение – это страдание и любовь. Бүт эркиң менен тиги кишиге берилип, анан терпениеде жашаш.

Данил: — А почему мне в ответ молчание?

Мелис: — Что за молчание?

Данил: — У меня бывает такие периоды, что я прошу, молюсь…

Мелис: — Кому молишься?

Данил: — Богу. А в ответ – молчание. Нет знака.

Кубат ака: — А-аа, захотел.

Данил: — Просто чувствую себя в одиночестве, от этого наваливается такая тоска. Не скорбь, а тоска. Такая черная наваливается и душит. Одиночество. И молчание.

Кубат ака: — Кое тур, старик. Ты молишься просто обстрактному богу, да?

Данил: — Нет. Я не…е… знаю. Я не молюсь конкретному и абстрактному богу.

Кубат ака: — Анда сен эч кимге сыйынган жоксуң. Анан кантип молчание болбосун.

Мелис: — Данил, сенин сыйынууң кандайча жүрөт? Ичиңен сыйынасыңбы же сүрөткө сыйынасыңбы?

Данил: — Ичимен. Я не прошу в жизни ничего.

Мелис: — Кубат ака “Какому Богу?” деп жатпайбы…

Кубат ака: — Кудайлар көп да.

Данил: — Есть свет…

Кубат ака: — Данил, сен эч кимге сыйынган жоксуң.

Данил: — Нет. Есть свет, есть Создатель, Высшая Сила.

Кубат ака: — Анда дагы миң жыл сыйына бер. Мен сени түшүндүм.

Данил: — Я не жду ни какой помощи, я жду знака.

Кубат ака: — А-аа, чтобы он помахал рукой и сказал: “Я живой, я здесь, смелей, друг, “Нашу газету” выпускай” деп айтсын деп турасыңбы? (Баарыбыз күлүп калдык. Өзгөчө Данил катуу күлдү).

Мелис: — Негизи өзгөрүш кыйын экен, ээ?

Кубат ака: — Ооба. Баягы Феллинин түшүнө биздин секелек сары кыздардын бири келип айтыптыр да: “Эй, Феллини, когда ты изменишься?” деп. Аны Феллини унчукпай, ойлонуунун ордуна, чоң философияга айлантып жибербедиби.

Мелис: — Феллини Данил экөөбүздөй турбайбы. Өлүмү да табышмактуу болбодубу.

Кубат ака: — Бул киши эми көп изденди да. Өзү боорукер, сонун киши болчу да. Анан Жараткан аяса керек. Атүгүл түшүнө, Данил айткан знакты жиберген да. Ал ойлонуп, өзгөрүшү керек болчу. Феллини анткен жок.

Мамат: — Бир чети Данилдин айтканы туура. Умтулуу болуш үчүн ишеним керек. Анан кыргыздар аян деп коет го. А биз аянды прямой контракт аркылуу күтөбүз. Балким аян берилип жаткандыр. Миллион немелер менен да.

Кубат ака: — Во!

Мамат: — Бирок, биз тараптан көңүл бурулбай жатат да.

Кубат ака: — Рахмат сага, Мамат. Аян берилет. Эгерде сен чувствуешь эту вселенскую тоску, “Мен киммин, эмнемин, каякка баратам?” деген суроолорго жооп алгың келсе, знак берилет. Бирок, кайсы Кудайга экенин билишиң керек. Ленинди Сибирге, бир Уссурийский крайга сүргүнгө айдашпадыбы. Одинокая камерага камап, кайтаргандарга да айтышыптыр да: “Эмне кылаарын тешиктен карап тургула!” деп. Бир күнү карашса эле, Ленин сыйынып жатат дейт.

Мелис: — Камерадабы?

Кубат ака: — Ооба. Башчысына чуркап барышыптыр да: “Этот безбожник, атеист, который кроет всех матом – молится” деп. Камерадан чакырып келишет экен да: “Эй, Владимир Ильич, оказывается ты молишься Богу?” деп сурашат экен. Анда Ленин: “Какому Богу?” дептир. Данил, сен Лениндей болуп жатасың. Деги кайсыл Кудайга сыйынасың? Кеп ушунда да. Сенде китеп бар. Анан ушинтесиңби? Этот истина – неопровержимая. Кеп – биз ушуга татыктуубузбу, жокпу, ошондо. Эсиңердеби, байыркы Чыгышта устат менен шакирти жөнүндө мындай сөз бар го. Улуу устаттар минтип айтышчу экен: “Если ученик готов, то учитель найдется” деп. Кеп устатта эмес, баарыңар ушинтип ойлойсуңар, аян күтүп отурасыңар.

Мелис: — Данил, а сен ошол китепти окудуң беле?

Кубат ака: — Проблеманын баары сенде, Данил, түшүндүңбү? Мен муну тишим түшкөндө түшүндүм, тишим барда түшүнгөн эмесмин. “Тишиң барда таш чайна” дегендей, ты готов где нибудь урвать зубами такой кусок.

Мелис: — Кубат ака, мен сиз  үчүн сурап коеюнчу. Үчөөңөр тең китепти окудуңарбы? Окусаңар эмне дейсиңер?

Кубат ака: — Ты же великий авантюрист, можешь так спрашивать. Я не могу.

Мелис: — А Данил?

Данил: — Окугам.

Мелис: — Эмне дейсиң?

Данил: — ???

Мелис: — Мен аны талкуулайын деп сурап жаткан жокмун. Жөнөкөй эле суроо да: “Жүрөгүңө жакын болдубу, болгон жокпу?” Мисалы, бүгүн бир белгилүү бир айымга берсем, колуна албай жатып эле корком деп жатпайбы. Ушул сыяктуу жооп уккум келет да менин. Окудуң да? Аа, андан башка да сага эки китеп бербедим беле? Сенчи Эрнис?

Эрнис: — Мен окугандай эле аян, знак деп атпайбызбы, ошол катары көрдүм. Тегин жерден менин колума тийген жок деген ой келди. Бирок жана Данил айткандай, бүт эркиң менен берилип кетиш мүмкүн болбой жатат.

Кубат ака: — Шашпа, эң башкысы шашпаш керек.

Мамат: — Мен деле ошол.

Мелис: — Эч жооп бергилери жок.

Кубат ака: — Жок, булар честно признались. Башкысы моюндарына алып жатат.

Мелис: — Мен жанагы “Эмне кылыш керек?” деген сөздү уланткым келип турат. Мамат Сабыров болуп жүрөсүңбү Динараң менен, Данил болуп жүрөсүңбү Малеваный менен, кабыл алып, жүрөгүңдү тазалагандан кийин проблема болбойт го.

Кубат ака: — Биздин времянын своеобразносттугу ушунда экен да. Силер сковородканын кайнаган жериндесиңер. Азыркы мезгилдин улуулугу ушунда. Биз акыйкатты билип туруп, ушуш кайнаган великое терпение менен жашашыбыз керек.

Эрнис: — Кубат ака, мисалы, биз гезитте иштеп жатабыз. Гезиттин өзү карама-каршылыктуу, бирөөнү жамандап, бирөөнү мактап, ыплас нерселерди айтып дегендей. Ошол учурда биз …га кызмат өтөгөн жокпузбу?

Кубат ака: — Кызмат өтөп жатасыңар. Даже как воины…

Эрнис: — Анан кандай кылыш керек?

Кубат ака: — Ты в этой ситуации служа ему, познаешь его врага.

Эрнис: — Ошентип иштеп жүрө беребизби?

Кубат ака: — Сен өзүңдүн жараткан атаңды түшүнгөндөн кийин, ошентип иштеп жүрө бересиң. Анан Данил күткөн нерсе келет. “Эй, Данил, я здесь, хватит уже”, дейт. Эгерде сен царь болуп келсең, царствуй, барствуй, бир мезгилге чейин. Анан знак болот. Ага чейин с великим терпением притом братолюбием, человеколюбием, быть примером для других и өз ишиңди кыла бересиң. Это закон. Акыйкатты билген ыйык деп саналган. Он сам говорит: Я бог святых пророков. Бул акыйкатты байыркы эле убакта билип келишкен. Мисалы, Сократ, Конфуций, Пифагор… Великим и искренным мудрецам была дана эта Истина…

Мамат: — Эрнис айтып жатпайбы, гезит ишинде грязь бар деп. Чын эле бар. Анан жанагы Амир Темир целый элдерди, шаарларды кырып жатып, он молился Богу, анткени ошол эле учурда Кудайдын буйругун аткарып жатты да, хотя өзү билбесе да. Мен дагы ушул грязда жүрүп…

Мелис: — “Пайшамба” чыгарып жатасыңар.

Мамат: – Ошол “Пайшамбабыз” менен бир нерсе аткарып жатабыз да. Түздөн түз болбосо дагы, бирөөгө эскертип, белги берип дегендей.

Кубат ака: — Чыңгыз хан, Амир Темир это были люди от Бога. Алардын да предназначениеси болгон да. Эң кызыгы, Чыңгыз хан өмүрүнүн аягында (что мне глубоко потрясло) жанагинтип бүт дүйнөнү басып алгандан кийин: “Мага дүйнөдө эң акылман кишини таап бергиле” дептир. Кытайда чын эле бир чоң мудрец Даос болгон экен. Ошону алып келишиптир. Ошондо Чыңгызхан: “Сделай мне бессмертным!” дептир да атаңдын гөрү. Вот что меня потрясло.

Данил: — Мен окугам муну.

Мелис: — Мудрец эмне дептир?

Кубат ака:

Данил: — Жообу бар. Акылман кеңешин айтат, не помню какой, на что Чыңгызхан отказался. Анда акылман: “Тогда тебе ничего не поможет” дептир.

Мелис: — Сделай мир, в этом завоеванном мире дептирби?

Кубат ака: — Ооба. “Сделай меня бессмертным” дегени аябай таңкалтырды мени. Эгерде мен же мага окшогон бир бечара айтса мен көңүл бурбайт элем. Анан дүйнөнү багынткан Чыңгызхан ушинтип айтып жатса.

Мамат: — Илгери бир киши өлтүргүч болуптур да. Анан абийири козголуп, тазаланайын деп молдого барыптыр. “Молдоке, ушу мен 99 кишини өлтүрдүм эле. Кудайга сыйынсам, менин күнөөлөрүмдү кечиреби? Кудайдын кишиси болоюн” дейт. Анда молдо “кечирбейт” дептир. Жини келген киши өлтүргүч “анда жүзүнчүсү сен бол” деп молдону өлтүрүп салган экен. (Баарыбыз күлүп калдык).

Кубат ака: — Эй, менин Мамат менен Эрниске суроом бар эле. Жетимиш жылдык тоюңарды гезиттен окудум. Ошондо өзүңөргө анкета уюштурган турбайсыңарбы. Мамат ишенген кишиң деген жерге Кубат ака деп жазыпсың. Менин эмнеме ишенесиң, ушуну айтчы?!

Мамат: — ??? (Жылмайып койду)

Кубат ака: — Эрнис, сен болсо бир киши деп жазып коюпсуң. Бир кишиң ким?

Эрнис: — Чынын айтсам, балким сизди жазат белем, бирок, жанагы китепти алгандан кийин, Кердегейге барып, сиздин сөздөрдү уккандан кийин, тиги кишини жазгам.

Кубат ака: — Рахмат, Эрнис. Бир киши деп сонун жазыпсың. Эй, мага ишенбегиле, ошол кишиге ишенгиле. Мен бул тууралуу силер менен сүйлөшпөйт элем. Есть у меня мечта. Говорит с вами об этом молча. Ушундай, силер менен унчукпай сүйлөшсөм деген мечтам бар да. Бирок силер ага даяр эмессиңер…

Үнжазмадан кагазга түшүргөн Эрнис АСЕК уулу

“Асаба” 27-декабрь, 1996-жыл

ФОТО: Эрнис АСЕК уулунун архивинен алынды.

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.