Садыр ЖАПАРОВ: «Бир революционердин кызыкчылыгын көздөп, элдин кызыкчылыгын тебелебейли»

Садыр ЖАПАРОВ: «Бир революционердин кызыкчылыгын көздөп, элдин кызыкчылыгын тебелебейли»
Бүгүн, 2-февралда, президент Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» жеке баракчасы аркылуу кыргызстандыктарга кайрылды:
Урматтуу кыргызстандыктар!
Биз өлкөбүз оңолсун, мамлекеттик башкаруу иретке салынсын, казынадан уурдагандар токтосун, ашыкча кызматтар жоюлсун деп революция кылганбыз. «Мен революция жасагам, ошол үчүн ушул кызматта өмүр бою олтурушум керек, жоюлбасын» деген түшүнүктөн алыс бололу. Бул бир.
Экинчиси, кадр саясаты боюнча, «бул Акаевчи болчу, бул Бакиевчи болчу, бул Атамбаевчи же Жээнбековчу болчу» деген эски түшүнүктөрдү токтотолу. Минтип олтурсак, анда өлкөбүздүн ичинен бир дагы татыктуу кадр таппайбыз. Башка планетадан издешибиз керек болот.
Үчүнчүсү, баланча министрликке Садыр Жапаровго душман болуп жүргөн, аны камаганга салым кошкон кадр бара жатат деп сындагандарга айтаарым, азыр биз душмандаша же туугандаша турган мезгил эмес. Эл үчүн, мамлекеттин келечеги үчүн өткөн-кеткенди унуталы. Сабырдуу бололу. Кудай сабырдуулар тарапта.
Ар бир министрликке мурдагыдай тааныш-билишти эмес, ошол министрликтин адисин алып бара жатабыз. Мындан ары «бөдөнөнү сойсо да касапчы соет». Эгерде мурдагыдай көндүм адатын жасап, уурдай баштагандар болсо, дароо камалышат. 
Төртүнчү, бүгүнкү күндө жалпысынан 48 министрлик, комитет, агенттик жана башка ведомстволор бар экен. Кимге кызмат жетпей калса эле министрлик ачып бере беришкен. Элге кылган кызматы же пайдасы жок, казынадан миллиарддарды жеп олтурушат. Таблицадан көрүп турганыңардай, ошонун баарын кыскартып, 12 эле министрлик калтырдык. Бир эле энергетика системасынан 2 миллиард сом үнөмдөлүп жатат. Кичинекей Кыргызстан үчүн керек болсо 12 министрлик да көптүк кылат. Бирок азырынча ушундай кылдык.
Ар бир чечимди «жети өлчөп, бир кесип жатабыз».
Бир революционердин кызыкчылыгын көздөп, алты жарым миллион элдин кызыкчылыгын тебелебейли.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.