Толгонай СТАМАЛИЕВА: «Сооронбай Жээнбеков качкан жок, умрага Меккеге кетти»

Толгонай СТАМАЛИЕВА: «Сооронбай Жээнбеков качкан жок, умрага Меккеге кетти»

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Мекке шаарына умрага жубайы менен учуп кетти. Бул тууралуу маалымат катчысы Толгонай Стамалиева ММКларга билдирди.

Анын айтымында, алар бүгүн, 2-февралда, эртең менен «Манас» аэропорту аркылуу Түркиянын Стамбул шаарына учуп кеткен. Умрага Мекке шаарына барып, кичи ажылыкта 10 күн болуп, кайра Кыргызстанга кайтып келишет.

Жээнбеков ал жакка Сауд Аравиясынын падышасынын чакыруусу менен барган. Бул иш сапары мурда эле (2020-жылдын ноябрь айында) пландалган, болгону пандемияга байланыштуу жылдырылып келген.

Буга чейин «Жээнбеков Кыргызстандан качып кетти» деген маалымат социалдык тармактарда тараган болчу. Ошондой эле бүгүн Башкы прокуратура октябрь окуясы боюнча Сооронбай Жээнбековду жоопко тартуу боюнча түшкөн арызды УКМК менен ИИМге жибергени маалым болду эле…

Салима ЖАКШЫЛЫКОВА

 

 

2 thoughts on “Толгонай СТАМАЛИЕВА: «Сооронбай Жээнбеков качкан жок, умрага Меккеге кетти»

  1. Жок эмнеге барат умрага кандай акысы бар кайсы бети менен барат уят умрага да таза ниети пейли таза адам барат кыргыз элин колумдан келишинче тунгуюкка тыктым эми чыгып корушсун деп мактанганы кеттиби

Добавить комментарий для Омуралиева МарипаОтменить ответ

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.