Бүгүн, 2-февралда, ЖЭБ конвейеринен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын Басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, саат 13:14төр чамасында Бишкек шаарындагы Сверлов районунда, алдын ала маалымат боюнча, Чүй проспектисинде жайгашкан ЖЭБ конвейеринен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 12:55те Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 12:56да Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 12:57де Биринчи Май райондук №8 АӨКБдан 1 бөлүм жана саат 13:00дө Штаб тартылган.
Кошумча маалымат берилет.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы