Жээнбековду октябрь окуясы боюнча жоопко тартуу арызы УКМК менен ИИМге жөнөтүлдү

Жээнбековду октябрь окуясы боюнча жоопко тартуу арызы УКМК менен ИИМге жөнөтүлдү

Экс-президент Сооронбай Жээнбековду былтыркы октябрь окуясы боюнча жоопко тартуу маселеси кайрадан көтөрүлдү. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы көзөмөл органынын басма сөз катчысы Наргиза Куватова бүгүн, 2-февралда, «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, Башкы прокуратура Сооронбай Жээнбековду жоопко тартуу боюнча түшкөн арызды  УКМК менен ИИМге жиберген. Арызда жазык иштери бар, аларга укуктук баа берүү үчүн ушул органдарга жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, «Кыргыз үмүтү» коомдук бирикмеси Башкы прокуратурага арыз менен кайрылып, «Ала-Тоо» аянтына чыккан элди кууп-таратуу боюнча күч органдарына андагы президент Сооронбай Жээнбеков тапшырма берген» деп айыптап, аны жазага тартууну жана «экс-президент» макамынан ажыратууну талап кылышкан.

Эске сала кетсек, Бишкекте 2020-жылдын 5-6-октябрында бийлик алмашкан. Анда кагылышуу болуп,  1 221 адам жабыркап, жүздөй киши ооруканага түшүп, 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу каза болгон. Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда кызматынан өз каалоосу менен кетип, кийин, Президент милдетин аткарып калган Садыр Жапаровдун жарлыгы менен «экс-президент» макамына ээ болгон…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

2 thoughts on “Жээнбековду октябрь окуясы боюнча жоопко тартуу арызы УКМК менен ИИМге жөнөтүлдү

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.