Садыр ЖАПАРОВ: «Премьер-министр кызматы жоюлат»

Садыр ЖАПАРОВ: «Премьер-министр кызматы жоюлат»

Президент Садыр Жапаров премьер-министр кызматы жоюлаарын «Telegram» каналы аркылуу бүгүн, 4-февралда, билдирди.

Айтымында, жаңы дайындалган өкмөт элге ишин көрсөткүчө алты ай талап кылынат; ал арада жаңы даярдалган Конституция жана жаңы мыйзамдар кабыл алынат; алардын негизинде жаңы реформалар, өзгөрүүлөр болот; бири-бирин кайталаган мекемелер жок болот; премьер-министр кызматы жоюлат. Бул процесстерди басып өтүү үчүн убакыт талап кылынат…

Эми, бара көрөрбүз дейт го элибиз… Андыктан жакшы тыянактан үмүт кылабыз…

Эске сала кетсек, кечээ, 3-февралда, президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен премьер-министр болуп Улукбек Марипов дайындалып, жаңы өкмөт курамы түзүлдү. Алар кечээ парламентте ант берип, иш башташты…

Айтмакчы, Конституциянын жаңы долбоору парламентке 2-февралда жиберилгени айтылды. Эми ал парламенттин үч окуусунан өтүшү керек. Конституциянын бул жаңы долбоорунда президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилген. Ага ылайык, премьер-министрлик кызмат жоюлат. Тагырагы, эки чылбыр, бир тизгин бир адамдын колуна өтөт…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.