Милиция арканда асылып турган адамды куткарып калды. Жабырлануучунун абалы кандай?

Милиция арканда асылып турган адамды куткарып калды. Жабырлануучунун абалы кандай?

Өзгөн районунун милиция кызматкери өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган жарандын өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу Ош ОИИБнин Басма сөз кызматы бүгүн, 5-февралда, билдирди.

Алардын айтымында, кечээ, 4-февралда, саат 11:45 чамасында милицияга Өзгөн районунун Кароол айыл аймагына караштуу Шералы айылындагы Кара-Дарыя көпүрөсүндө, белгисиз адам жипке асынып өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасап жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ошол замат милициянын участкалык уполномоченныйы А.Алиев окуя болгон жерге жетип барып, арканда мойнунан асылып турган адамды көрүп, жиптен чечип чыгарып, алгачкы медициналык жардамды көрсөткөн. Анын натыйжасында ал адам тирүү калган. Бул окуя Өзгөн РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, жанын кыюуга аракет кылган адамдын өздүгү такталган. Ал Өзгөн районунун Кароол айыл аймагына караштуу Шералы айылынын тургуну 40 жаштагы К.К.З аттуу жаран болуп чыккан. Ал учурда Өзгөн шаарындагы бейтапканада дарыланууда. Абалы жакшы. Эмне себептен жогоркудай чечимге, кадамга баргандыгын тактоо, териштирүү иштери жүрүп жатат дешет…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.