Камчыбек ТАШИЕВ: «Дуба кылып туруӊуздар. Мен силердин жардамыӊарга муктажмын»

Камчыбек ТАШИЕВ: «Дуба кылып туруӊуздар. Мен силердин жардамыӊарга муктажмын»

Бүгүн, 5-февралда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев чет мамлекетке дарыланууга кетип жатканын «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирди.

— Урматтуу кыргыз элим!

Мен 6-февралда эртеӊ менен дарыланууга чет жакка бара жатам. Себеби, биздин профессор врач Калдарбек Абдрамановдун сунушу менен барууга мажбур болуп турам. Менин артымдан ар түрдүү сөздөрдү айтпастан, дуба кылып туруӊуздар. Мен силердин жардамыӊарга муктажмын. Буйруса баары жакшы болот. Элибиздин келечеги үчүн бүт өмүрүмдү арноого милдеттүүмүн.
Эске сала кетсек, Камчыбек Ташиев былтыр ноябрда Бишкектеги ооруканага жатып, дарыланып чыккан. Андагы табышмактуу билдирүүсүн бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.