ӨКМ аба ырайы тууралуу шашылыш билдирүү таратты

ӨКМ аба ырайы тууралуу шашылыш билдирүү таратты
Аба ырайы тууралуу ӨКМнин Басма сөз кызматы бүгүн, 5-февралда шашылыш билдирүү таратты. Алардын билдирүүсүнө караганда, 7-февралдан 10-февралга чейин тоолуу райондордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Ал эми эртең, 6-февралда аймактарда жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 14…19;

Талас жергесинде түнкүсүн -3…+2, күндүз 13…18;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -1…+4, күндүз 14…19;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 5…10;

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -4…+1;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -21…-26, күндүз -4…-9 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 17…19 градус болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.