Садыр Жапаровдун эжеси Райкүл Жапаровага чыккан өкүм жокко чыгарылды. Президент эмне дейт?

Садыр Жапаровдун эжеси Райкүл Жапаровага чыккан өкүм жокко чыгарылды. Президент эмне дейт?

Бүгүн, 5-февралда, башкы прокурор Курманкул Зулушев массалык маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроосуна жооп берди.

Суроолордун бири президент Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Райкүл Жапарова тууралуу болду эле, ага Зулушев мындай жооп берди: «Менин маалыматым боюнча, ушул жылдын 25-январында Жогорку соттун токтомунун негизинде Райкүл Жапаровага чыгарылган сот чечимдери жокко чыгарылып, баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн. Издөө жарыялангандыгы үчүн экстрадициялоо маселеси көтөрүлгөн. Эгерде Жогорку сот тарабынан соттун чечимдери жокко чыгарылса, анда жанагыдай суроо-талаптын кереги жок. Ал Кыргызстанга эркин келсе болот».

Бул маселе боюнча маалымат кошумчалаган Башкы прокуратуранын эл аралык бөлүмүнүн башчысы Асылбек Акматовдун айтымында, биринчи, экинчи инстанциянын мурда чыгарган чечимдери да, баш коргоо чарасы да Жогорку сот тарабынан жокко чыгарылып, кылмыш иши Каржы полициясына тергөөгө жөнөтүлгөн. Тергөө жыйынтыгы менен Жапаровага карата козголгон кылмыш иши кыскартылган.

Садыр Жапаров эжеси боюнча эмне дейт?

Садыр Жапаров былтыр ноябрда ММКга жыйын өткөргөн. Анда да журналисттер эжеси тууралуу суроо узатышканда, ал мындай деп жооп берген:

Белгилей кетсек, 2020-жылы 4-ноябрда Курманкул Зулушев Райкүл Жапаровага Интерпол тарабынан эл аралык издөө жарыяланганын, ал 2020-жылдын 22-майында Польшада кармалганын билдирген.

Эске сала кетсек, Райкүл Жапарова 2007-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин көмөгү менен «Ысык-Көл инвестбанкын» тартып алган деп айыпталып, мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга сыртынан кесилген эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.