ВИДЕО — Кримчөйрөдөгү «Точка» кармалып, жанынан тапанча, ок табылды

ВИДЕО — Кримчөйрөдөгү «Точка» кармалып, жанынан тапанча, ок табылды

Токмок шаарынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалып, жанынан “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча жана октор табылып алынды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын Басма сөз кызматы бүгүн, 5-февралда, билдирди.

Алардын айтымында, кечээ, 4-февралда, Токмок шаарынан 1975-жылы туулган А.Б. аттуу жаран кармалган. Анын жанынан 5 огу менен номуру өчүрүлгөн “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча, колго жасалган бычак табылган. Ал мурда (тоноо, уурдоо, опузалап талап кылуу жана баңгизатын мыйзамсыз сактоо беренелери менен) бир нече жолу соттолуп, «Точка» каймана атыгып, кримчөйрөдө «смотрящий» жана «положенец» статусуна ээ болуп, милиция каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турары аныкталган.

Учурда ал Токмок шаарынын ИИБнин убактылуу кармоочу жайына камакка киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылып жатыптыр…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.