Элнура Кулуеванын «Ала-Тоолук-Үмүтү». Сынакка катышып, акча утуп алыӊыз!

Элнура Кулуеванын «Ала-Тоолук-Үмүтү». Сынакка катышып, акча утуп алыӊыз!

Белгилүү журналист Элнура Кулуева Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата «Ала-Тоолук-Үмүт» аттуу долбоорун январдын аягында эле баштаган.

Элнура айымдын айтуусунда, «Ала-Тоолук-Үмүт» долбоорунун максаты: элди ынтымакка, биримдикке, бекемдикке чакыруу жана улутту, мамлекетти даңазалаган жана элди бөлүнүү саясатынан арылтуу. Ушундай тилекти камтыган гана видеороликтер сынакка катыша алат. Тандалып алынган 30 видеоролик мамлекетке өткөрүлүп берилет жана жалпы республикага тарайт.

«Кыргызстандын ар бир бурчунан келген 700дөй жаштар бир туунун астында “Ала-Тоолук–Үмүт” отун жандырып жатышы — эң чоң жаңылык катары кабылданат. Бүгүн жаштардын ишенимин жандандыруу керек. Азыркы тапта коомубузда жаңы идеялар жок болуп, Кыргызстандын жаштары үчүн жаңы багыттар калыптанбай калган учур. Андыктан бул жагынан жигердүү жарандар да сыртта калбай бул процессти калыптандырууга катышуусу зарыл. Кыргызстандын элинин биримдигин мындан ары арттыруу – бул мамлекеттин гана эмес, ошондой эле катардагы жарандардын дагы милдети. Мамлекеттин өнүгүшү, уюткулуу улутубуздун уланышы баарыбыздан көз каранды«, — дейт Элнура Кулуева.

Сынактын шарттары:

1. Видеоролик көркөм деңгээлде атайын сценарийдин негизинде тартылуусу керек;

2. Видеороликте алкоголдук ичимдиктер, тамеки чегүү, баңгизаттарды пайдалануу же зордук-зомбулук көрсөтүлгөн кадрлар камтылбашы керек;

3. Мыкты видеороликтер калыстардын жардамы жана элдик добуш менен аныкталат;

4. Мөөнөтү: 25-февралга чейин;

5. Жаш курагы: 17 жаштан 35 жашка чейин;

6. Варианты: кыргыз, орус тилдеринде;

7. Хронометраж: 1 мүнөт-1.5 мүнөттөн көп болбошу керек (60 же 90 секунд);

8. Техникалык талаптар: Видеофайл форматы- MPEG 4, MOV, AVI, MPEG

9. Видеоролик буга чейин эч жерде көргөзүлбөгөн болуусу шарт;

10. Интернет булактарына алгач уюштуруучулар тарабынан гана жарыяланат;

11. Видеофайлда студиянын же тартуучу топтун логотиби жок болушу керек;

12. Жаратман тууралуу маалымат роликтин башында же соңунда титр катары жазылуусу шарт.

Сыйлыктары:

1. Биринчи сыйлык — 350 миң сом.

2. Экинчи сыйлык — 200 миң сом.

3. Үчүнчү сыйлык — 100 миң сом.

4. 30 кызыктыруучу сыйлык бар.

Байланыш телефондор: (0771) 60-85-47, (0500) 85-12-25 ,(0709) 25-22-52

 Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.