Каржы полициясынын мурдагы кызматкери жасалма мөөр, штамптар менен кармалды

Каржы полициясынын мурдагы кызматкери жасалма мөөр, штамптар менен кармалды

ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Россияга учуп кетүү үчүн жарандар Россия Федерациясынын дарылоо мекемелеринин жасалма медициналык тактамаларын колдонгон фактыны аныкташты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 8-февралда, билдирди.

Алардын айтымында, милиция кызматкерлери Каржы полициясынын мурдагы кызматкери, “Беш-Сары” соода борборунда жайгашкан “Тумар” жеке авиакассасында иштеп жүргөн Ж.А. аттуу жарады кармашкан. Анын жанынан медициналык мекемелердин, дарыгерлердин жана Москва шаарынын дарылоо мекемелеринин бир нече жасалма мөөрлөрү, штамптары табылган. Ал бир топ адамды документтерди жасап, Россияга учууга жардам бере тургандыгын айтып алдап келген. Бул факт КРнын Жазык Кодексинин 359-беренеси (Документтерди жасалмалоо) боюнча катталып, тергөө башталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Т.Н. аттуу жаран кайрылып, 46050 сомго “Бишкек-Москва” каттамы боюнча билет менен жасалма медициналык тактама сатып алгандыгын билдирген.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Тергөө кызматы Ж.А. деген жарандын мыйзамсыз аракеттеринен жабыркагандар болсо, төмөнкү номурларга кайрылууну суранат.

Иш тел.: 0312 35-12-70, 0701 35-12-70; уюлдук телефон — (0708) 00-36-19.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.