Өмүрбек Бабанов атканасында чыккан өрт тууралуу билдирди

Өмүрбек Бабанов атканасында чыккан өрт тууралуу билдирди
Экс-депутат Өмүрбек Бабанов атканасында чыккан өрт тууралуу билдирүү жасады. Ал «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү калтырды:
Менин атканамда болгон өрт тууралуу маалыматтар таркай баштады! Бул маалымат ар башкача чечмеленип, ар кандай божомолдор жаралып жатат. Андыктан бул факт боюнча билдирип коюуну чечтим. Өрт 4-февралда түшкү саат 13:25те болгон, бул тиричиликке тиешелүү окуя. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери иликтенүүдө. Сизден эрте тыянак чыгарбоону суранабыз.
Эске сала кетсек, 4-февралда ӨКМнын басма сөз кызматы өрт тууралуу билдирген. Алардын айтымында, өрт боюнча маалымат саат 13:45 чамасында келип түшкөн, саат 18:40та толугу менен өчүрүлгөн. Сарайдын 700 чарчы метр чатыры күйгөн.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.