ВИДЕО — Баспаган кызды чачынан жулуп, уруп, тепкен — таянеси. Жабыркаган кыздын агасы эмне дейт?

ВИДЕО — Баспаган кызды чачынан жулуп, уруп, тепкен — таянеси. Жабыркаган кыздын агасы эмне дейт?

Майып кызды аял киши чачынан жулуп, уруп, тээп, кыйкырып тилдеп жаткан (үрөйдү учурган) видео Интернетке тарап, коомчулукта ур-токмокко алган адамга тезинен чара көрүү, жабыркаган кызды ал жерден алып кетүү талаптары айтылууда.

Бул окуя боюнча бүгүн, 8-февралда, адвокат Шердор Абдыкапаров «АКИpress» агенттигине билдирген. Анын айтымында, жабыркаган кыздын аты — Асел, 26 жашта. Төрөлгөндөн бери буттары кыймылдабайт. Эки бир туугандын бири, агасынын аты — Алтынбек. Ата-энеси жок, алар алардын бала кезинде эле каза болуп калышкан. Асел учурда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында таята-таенесинин колунда турат, агасы болсо Бишкекте курулушта иштейт. Ал карындашын жанына алууну каалайт, бирок ага туугандары уруксат бербей келет. Жогорудагы видео агасы карындашын «алып кетем» деп барган учурлардын биринде тартылып алынган. Бул боюнча Алтынбек милицияга да, адвокатка да кат менен кайрылган.

ИИМ эмне дейт?

Бул окуя, видео боюнча ИИМдин басма сөз кызматындагы Адинай Жаныбаевага кайрылсак, окуя боюнча учурда териштирүү жүрүп жатканын, толук маалымат жакын арада берилээрин билдирди.

Жабырлануучунун агасы эмне дейт?

Жабырлануучу Аселдин агасы Алтынбек мырза 7-каналга карындашынын жагдайы тууралуу («таятасы зордуктаган», «дайыма ур-токмокто жашап жатат» сындуу) жүрөк ооруткан сөздөрдү айткан.

Бирок, акыркы бизге жеткен маалыматтар боюнча, жогорку окуя боюнча Тогуз-Торо РИИБи иш алып барып баштаган. Ал жаткан милициянын тергөө-ыкчам тобу Тогуз-Торо райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын адиси менен арызда көрсөтүлгөн дарекке барышкан. Жабырлануучу 1996-жылы туулган Артыкбек кызы А. менен, камкорчулары таятасы С.С., таэнеси А.У. менен да сүйлөшүп, түшүнүк кат жаздырып, тийиштүү маалыматтарды топтошкон. Алгачкы териштирүү-текшерүүдө Артыкбек кызы А. берген көрсөтмөсүнөн 1999-жылы Казарман айылында алардын апасы каза болуп калып, бир туугандар таятасы менен тайэнесинин колуна келип, ошол жерде чоңоюшкандыгы такталган. Ал эми видеодогу окуя боюнча, ушул жылдын 5-февраль күнү Бишкек шаарында жашаган агасы Алтынбек келип, Бишкек шаарына алып кетем дегенде таята-тайнеси кетирбейбиз деп, тайнеси А.У. бир нече жолу колу менен уруп, буту менен тепкенин айткан. Анткен менен, айтымында, бул окуяга чейин таята-тайнеси уруп-сабашкан эмес, болгону катуу айтып тилдеген учурлары болгон. Таятасы эч кандай зордук, кордук көрсөткөн эмес. Агасы менен телефондон сүйлөшүп калганда, ал «бирөөлөрдөн уктум, сени таятам зордуктаптыр» деп сураганда, зордуктаган деген сөзгө түшүнбөстөн «ооба» деп жооп берип койгон.
Тайнеси А.У. өз көрсөтмөсүндө балдардын таятасы — жолдошу С.С. экөө каза болуп калган кызынын 3 баласын камкорчу катары багып алышканын, 1996-жылы туулган Артыкбек кызы А. 1-топтогу майып экенин, ошол себептен үйдө карап жатышканын айткан. Видеодогу окуя боюнча, 2021-жылдын 5-февраль күнү небереси Алтынбек Бишкектен келип, карындашын  шаарга алып кетем дегенде, 3 жашынан  баккан небересинин кетем дегенин угуп ачуусу келип, ачуулукка алдырып ургулап, тээп жибергенин түшүндүргөн.

Жабырлануучу кыз дарыгерлер текшерүүсүнөн өткөн, денесинен зордук-зомбулук жаракаттар аныкталган эмес.

Аталган факт бүгүн, 8-февралда, Тогуз-Торо РИИБнин КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тыкыр көзөмөлгө алынып, бардык иликтөө иш-чаралары мыйзам чегинде жүргүзүлүп, териштирүү-текшерүү иштери улантылары анык болду.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.