Айчүрөк БОРУКЕЕВА: «Даир Кенекеевдей тажрыйбалуу кадрга көңүл бурбайлыбы?»

Айчүрөк БОРУКЕЕВА: «Даир Кенекеевдей тажрыйбалуу кадрга көңүл бурбайлыбы?»

Бүгүн, 9-февралда, премьер-министр Улукбек Мариповдун буйругу менен Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруудан бошотулуп, ордуна Эрмек Нургазиев дайындалган.

Эрмек Нургазиев ким десенер, ал “Эмма строй” деген курулуш компаниясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси. Былтыркы парламенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясынын катарында катышкан. Ага чейин, 2018-жылы турак жайлуу болобуз деген 400дөн ашуун адамдын үмүтүнө суу сээп, кур жалак калтырган коррупциялык иштер боюнча журналисттердин иликтөөсүндө аты аталып, же батирден, же акчадан жок нааразычылык акциясына чыккандардын укугун коргоп жүргөн адвокат Ольга Новохатскаяны жаакка чаап, сөгүнгөн сөздөрү социалдык тармактарга тарап, катуу сынга кабылган. Ал чатак боюнча Нургазиев анда ал аял биринчи чаап жибергенден кийин ага жооп кылганын бүгүнкү жыйында журналисттерге билдирди.

Нургазиев тууралуу президент эмне деди?

Социалдык тармактарга Нургазиевдин мурда кылган кыйшык иштери, ал кызматка татыксыздыгы сынга алынып жазылгандан кийин, президент Садыр Жапаров коомчулук пикирин эске алгандагысыбы же такташтырганбы, айтор, социалдык баракчасына мындай деген оюн жазды: «Албетте, жаш, таза, идеялуу кадрлар көп. Маектеше келсең, жүзү жарык, иштемчил көрүнөт. Мурда-кийин бийликте иштебеген, коррупциялык иштерге аралашпаган деп тандаган кадрлардын артында да хулигандык, мүлк талаш иштери бар экен. Ошондуктан, шаардын мэрлигине коюуга мүмкүн эмес«.

Даир Кенекеев деген ким?

Коомчулук болсо, мэрлик кызматка ар кимдин атын жазып сунуштай баштады. Эң көп колдоого татыганы Даир Кенекеев болууда. Албетте, Даир Кенекеев таанымал инсан, ошентсе да аны учкай тааныштыра кетели.

Ал 46 жашта, Таластын кулуну. 1974-жылы 24-майда Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында төрөлгөн. Ал мамлекеттик кызматтарда ылдыйкы тепкичтерде иштеп баштап, жогорку тепкичтерге көтөрүлгөн. 2017-жылдын октябрынан 2018-жылдын апрелине чейин вице-премьер-министр болуп, ага чейин өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 3 жыл иштеген. Облусту жетектеп турганда көптөгөн долбоорлорду ишке ашырган.  Алсак, ондон ашык мектеп, заманбап спорт аянтчалары ачылган. Тараз-Талас-Суусамыр жолу оңдолуп, Талас шаарында он жылдан бери бүтпөй туруп калган Капар Медетбеков атындагы музыкалык драма театры бүткөрүлгөн.

Даир Атакулович учурда Мамлекеттик “Учкун” акционердик коомун жетектейт. Ал жердин да ишин алдыга жылдырып келатат. Ал бир кезде: «»Учкун ” ишканасын менчиктештирүүгө да кээ бир адам кызыктар болгон, бирок биз ага жол бербейбиз», — деп ачык эле айтып чыккан. Кыскасы, мэрлик кызматка татыктуу да, тажрыйбалуу да кадр.

Кенекеев эске алынат деп ойлойбуз жана колдойбуз!

Ии баса, Даир Кенекеевдин ысымы буга чейин премьер-министрлик кызматка талапкер катары да аталган эле. Анда да: «Марипов эмес, Кенекеев келсин» деп социалдык тармак колдонуучулары жазып чыгышкан.

Маселен, Айчүрөк Борукеева: «Качанкыга чейин регионалдык өзгөчөлүктү кууп жүрүшүбүз керек? Премьер-министрлик кызматка бардык баскычты басып өткөн даяр кадрлар бар эмеспи? Мисалы, Даир Кенекеев дейли. Башкы адистиги зоотехник. Оргочор асыл тукум чарбасынан эмгек жолун баштаган.Чет элдик инвестицияларды тартуу, экономикалык саясатты жүргүзүүнү мыкты өздөштүргөн. Зооинженер, дипломат, экономист, мамлекеттик кызматтардын тепкичин кезеги менен басып өткөн Даир Кенекеевдей тажрыйбалуу кадрларга көңүл бурбайлыбы? Өндүрүштүк болбосо жеке ишмердигине байланыштуу чуулгандуу мүнөздөгү каталары жок. Токтоо, калбаат, сабырдуу. Механик, тракторист болуп иштеп, барга-жокко, ачка-токко каниет кылып эле акырындап өскөн кадрларды тартуунун илгерки эрежелеринин жыйынтыгы деле жаман болчу эмес эле го?», — деп жазган. Айчүрөк айым дале ушундай пикирде.

Премьер-министрликке Кенекеевге окшогон кадрлар эске алынганбы-жокпу, ал жагы белгисиз, анткен менен мэрлик кызматка эске алынат деген ойдобуз жана колдойбуз!

Эске сала кетсек, Бишкек шаарынын мэрин шаардык кеңеш тандайт. Шаардык кеңештин азыркы курамынын мөөнөтү апрелде аяктайт. Шаар депутаттарынын кезектеги шайлоосу 11-апрелде өтөт.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.