Үсөн Сыдыковдун баласы Бактыбек Сыдыков «Манас» аэропортунун жетекчилигинен алынды

Үсөн Сыдыковдун баласы Бактыбек Сыдыков «Манас» аэропортунун жетекчилигинен алынды

Бүгүн, 9-февралда, «Манас» эл аралык аэропортунун жетекчиси Бактыбек Сыдыков кызматтан алынып, анын ордуна экс-депутат Бакыт Шаршеев келди. Бул тууралуу аталган компаниянын маалымат кызматы билдирди.

Сыдыковдор сыры жана чыры….

Бактыбек Сыдыков ким десек, ал авиация тармагында 5 жыл эмгектенген адам. 2007-2010-жылдары Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда «Манаста» директорлук кызматты аркалаган. 2015-жылы «Республика – Ата Журт» фракциясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында депутат болгон. Бирок 5 жылдык депутаттык ишмердигинде парламент трибунасына же микрофонго чыгып маанилүү маселе чечип сүйлөгөнүн же бир мыйзам жазганын көргөнүбүз да, укканыбыз да жок дегендер четтен чыгат!

Кыскасы, Бактыбек Сыдыков «Манас» аэропортуна президент болуп экинчи ирет былтыр, 21-октябрда барган. Бирок, аны эмгек жамааты кабыл албай койгон, нааразылык акциялары өткөн. Алар аэропортко байланыштуу анын бизнеси бар экенин айтып чыгышкан. Сыдыковдун үй-бүлөсүнө таандык делген «АККА күйүүчү май куючу комлекси» ишканасы учактарга керосин ташырын, «АККА-Кейтеринг» Ош эл аралык аэропортунун кызматын колдонгон жүргүнчүлөрдү тамак-аш менен камсыздаарын билдиришкен. Аны өзү да танган эмес.

Андагы премьер-министр Садыр Жапаров КТРКга маек берип жатканда Бактыбек Сыдыков тууралуу суроо болгон. Анда ал: «Биз жаштарды алып келели, мурункулар кетип туруңуздар деп айттым. Ал да эртең кете турган болду. Биз эл нааразы болгон талапкерлерди кызматка койгон жокпуз», — деген эле…

Баласы Алымбек Бактыбаев болсо, Бишкек шаардык кеңешинин «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаты. Бир учурда аны “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруучу компанияга тиешеси бар деп жазып чыгышкан. Бирок, бул маалыматты атасы Бактыбек Сыдыков жалган деп төгүндөп чыккан…

Атасы Үсөн Сыдыков  болсо, бир кездеги «Жаңы Кыргызстан» партиясынын лидери, Курманбек Бакиев бийлигинде аппарат жетекчиси болгон. «Ош окуясына тиешеси бар» деп аты аталып, аудио тарап чыр болгон. Бирок өзү мындай маалыматты четке кагып келген.

Кошумчалай кетсек, «Манас» эл аралык аэропорту» ААК карамагына Бишкек, Ош, Каракол, Баткен шаарларындагы жана Ысык-Көлдүн Тамчы айылындагы эл аралык беш жана жер-жерлердеги аймактык алты аэропорт кирет.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Үсөн Сыдыковдун баласы Бактыбек Сыдыков «Манас» аэропортунун жетекчилигинен алынды

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.