80 жаштагы кемпирдин үйүн тоноп, зордуктап кеткен 27 жаштагы бала кармалды

80 жаштагы кемпирдин үйүн тоноп, зордуктап кеткен 27 жаштагы бала кармалды

Бүгүн, 10-февралда, Токмок шаарынын оор кылмышка шектелген тургуну кармалды. Бул тууралуу  Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, окуя кечээ, 9-февралда, түнкү саат бирлер чамасында Токмок шаарында болгон. 80 жаштагы кемпирдин үйүнө беткап кийген адам тосмодон ашып түшүп, терезелерди сындырып уурулукка кирген. Үй ээсинин колун байлап, алтын, күмүш зер буюмдарын, уюлдук телефонун, үй буюмдарын жана тамак-ашын алганы аз келгенсип, зордуктап да кеткен. Бул факт Кылмыштар жана жоруктар реестрине катталып, кылмышка шектүү 27 жаштагы А.А. кармалган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.