Турдакун Усубалиевдин небереси президентке белекке берилген машина чоң атасына таандык эместигин билдирди… 

Турдакун Усубалиевдин небереси президентке белекке берилген машина чоң атасына таандык эместигин билдирди… 

Кыргызстанды 24 жыл башкарган мамлекеттик ишмер, Кыргыз Эл Баатыры Турдакун Усубалиевдин небереси Эсен Усубалиев чоң атасы колдонгон самолет менен машинанын сүрөтүн «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырып, төмөндөгүдөй билдирүү калтырды:

— Турдакун Усубалиев атындагы коомдук фонддун атынан Кочкор районунун тургуну Бакай президентке Т.Усубалиевдин машинасын белекке бергени тууралуу Садыр Жапаров расмий маалымат таратканына күбө болдум. Биринчиден, бул машина Турдакун Усубалиевге таандык эмес, аны «Усубалиевдин машинасы» деп атоого да болбойт. Анткени «1970-жылдары Усубалиев айдап жүргөн» деп Жапаровго белекке берилген машина эч качан Усубалиевге байланышы болгон эмес. Ал жигитке ким бергени белгисиз жана жылдары да туура келбейт. «Газ 13 Чайка» маркасындагы машинаны чоң атам 1973-жылы колдонгон. 

Экинчиден, бул жерде Т.Усубалиевдин ысымын өз кызыкчылыгына пайдаланууга же кандайдыр бир саясий максатты көздөгөн ниетин көрүүгө болот. Үчүнчүдөн, эгерде кимдир бирөө Т.Усубалиевдин тарыхый эстелигин чын жүрөктөн сактап калгысы келсе, анда ал бул машинаны тарых музейине өткөрүп бериши керек болчу, же болбосо аны  Т.Усубалиевдин кичи мекени Кочкорго тарыхый экспонат катары калтырса болмок. Акырында айтаарым, адам ыңгайсыз абалга туш болбош үчүн, мамлекеттин биринчи адамына белек тапшырып жатканда сөздү туура колдонушу керек болчу. 

Садыр ЖАПАРОВ: «Турдакун Усубалиевден калган автоунааны Улуттук тарых музейине белекке тартуулоону туура көрдүм»

Кечээ, 9-февралда, “Кабар” улуттук маалымат агенттиги жана президенттин басма сөз кызматында иштеп жаткан Адинай Марипова «Фейсбуктагы» баракчасына президент Садыр Жапаровдун ага белекке берилген Т.Усубалиевдин машинасы тууралуу билдирүүсүн жана белек кылган жигит менен чогуу түшкөн сүрөтүн жарыялашкан. Анда мындай деп жазылган:

Турдакун Усубалиевдин автоунаасын алганым сыймык, бирок аны музейге тапшырууну ылайык көрүп турам. Кочкор жергесинен келген Бакай аттуу мекендешибиз Турдакун Усубалиевдин автоунаасын мага белекке тартуулады. «00-01 ФИА» номерлүү автоунаа 1970-жылы Турдакун Усубалиевге берилген экен. Темир тулпар бир нече жыл тебилип, соңунда Кочкордогу жердештеринин колунда көздүн карегиндей сакталып турган. Мени суктандырганы, машине дале жапжаңы, жакшы каралган. Кадимкидей от алып, тепсең Турдакун Усубалиевдин учурундагыдай эле зуулдайт.
Дөөтү деген дөөтү, Кыргызстанды 1961-жылдан 1985-жылга чейин башкарган кишиден калган таберик буюмдун рулун кармап, ырымга ары-бери айландырып турганымда, өлкөбүздүн бир үзүм тарыхы көз алдыма элестей түштү. Бул автоунаа өмүрү жана ишмердиги биздин өлкөбүздүн өнүгүшүнө терең из калтырган адамдын аты менен байланыштуу болгондуктан, аны короомдо, көздөн далдоодо каткан болбойт деген ойго токтодум. Мындай баалуу тарыхый буюм баарыбызга тең орток, баарыбыздын энчибиз. Заманбап автоунаалардын түрү жайнаган азыркы заманда жаш муун көрүп, ата-бабалардын кандай унаа тээп, жок эле дегенде кандай шартта жашап-иштегенин элестетип алышса деле, алар үчүн тарбия. Ошондуктан, Турдакун Усубалиевден калган автоунааны Улуттук тарых музейине белекке тартуулоону туура көрдүм.

Тарыхый инсандарыбыздын өмүр жолун талаштуу маселеге айлантпайлы!
Турдакун Усубалиев Нарын облусундагы Кочкор районуна караштуу Кочкор кыштагында 1919-жылы туулган. 96 өмүр сүргөн ардактуу аксакалыбыз 2015-жылы 6-сентябрда көз жумган.

Турдакун Усубалиев чейрек кылым — 25 жылга жакын Коммунисттик партиянын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болуп, өлкөнүн экономикалык, социалдык жана маданий жактан калыптанып-өнүгүшүнө зор салым кошкон улуу, залкар тарыхый инсаныбыз. Андыктан анын өмүр жолуна катышы бар делген жогоркудай талаштуу маселелерде абайлаганыбыз оӊ. Тактап койгонго жакындары деле бар, ал киши кызматта отурган мезгилди мыкты билген инсандарыбыз да жок эмес…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.