УКМК: «Максатбек ажы Токтомушев кармалып, камалды»

УКМК: «Максатбек ажы Токтомушев кармалып, камалды»

Максатбек ажы Токтомушев бүгүн, 10-февралда, кармалып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Максатбек ажы Токтомушев өз арызынын негизинде кызматынан бүгүн эртен менен бошотулган. Ага чейин муфтияттын башкы бухгалтери Ж.Б. УКМК кызматкерлерине пара берип жатып кармалып, УКМКнын убактылуу тергөө жайына киргизилгени айтылган. Муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар кошкон акчаны жеке каржы мекемелерине 100 миллион сомдон ашык суммадагы насыя кылып берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү өз максатына жумшап турганы боюнча УКМКнын маалымат кызматы билдирген.

Эми бул маселе азырынча талаштуу болуп турат. Биринчиден, Максатбек ажы Токтомушевди суракка чакырып, өз ыктыяры менен эле суракка барган жеринен кармап камакка алышкан. Экинчиден, башкы бухгалтердин пара бериши атайын уюштурулганы да айтылууда. Ай сайын пайыздык төлөмдөр боюнча да так маалыматтар жоктугу да маалым болууда.

Кандай айтсак да, муфтияттагы акчаларга тыштан сугун арткандар, суук колун, суук ойлорун агыткандар толтура экени илгертен маалым. Ага ээлик кылып, көзөмөлгө алуу үчүн таза адамдардын беделине шек келтирип, каралоо үчүн «бардык ыкмаларга» баргандар да аз эместиги айдан ачык…

Айтор, «Бажыны кармагыла десе, ажыны кармагыла деп түшүнүп алышкан окшойт» деп интернет пайдалануучулардын бири жазгандай, мурда «7 тыйынга да тиешем жок» деп актанып, эми ал кылыгын акыры моюндаган Матраимовду 3000 миӊ доллардан ашып-ашпаган айыппулга жыгып, калган эсеп-кысап, байлык-мүлкүн камактан чыгарып кармата салган сот өкүмү тууралуу маалыматты талкуулап бүтө элегибизде, муфтияттагы жалган-чыны талаш акча маселесинде Максат ажыны дароо камакка алып камагандары кызык болду УКМКнын…

Бул иш Максат ажы кабылган убактылуу сыноо деп, бардык мусулман бир туугандарга Алла тааладан сабыр тилеп турабыз эми…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.