ВИДЕО — Ноокатта опузалап акча талап кылган эки адам кармалды

ВИДЕО — Ноокатта опузалап акча талап кылган эки адам кармалды

Ноокатта опузалап акча талап кылган эки адам кечээ, 9-февралда, кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Ош ОИИБнин Басма сөз кызматы бүгүн, 10-февралда, билдирди.

Алардын айтымында, окуя 8-февралда Ноокат районунун Гулистан айыл аймагында болгон. Беш-Коргон айылынын А. Р. деген 1979-жылы туулган тургуну аны М. И. аттуу адам коркутуп, опузалап 40 000 (кырк миң) сом акча доолап жаткандыгы тууралуу милицияга арыз менен кайрылган. Арыз бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталып, шектүүлөр кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Кармалган шектүү, 37 жаштагы К. И. С. Ноокат районунун Көк-Бел айылынын тургуну, уюшулган кылмыштуу топко катышы бар делип ИИМдин ыкчам каттоосунда турган. Ал 2014-жылы декабрда каракчылык фактысы менен кармалып, 9 жылга эркинен ажыратылган. 2019-жылдын октябрынан Ош шаарындагы №42 түзөтүү мекемесинде 3 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан.

Ал эми экинчи шектүү, 33 жаштагы И.М.Р. Ноокат районунун Чечме-Сай айылынын тургуну. Ал 2020-жылы декабрда Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында аларды мыйзамсыз даярдоо боюнча Ош шаардык соту тарабынан соттолуп, 2 жылга пробациялык мөөнөтүн өтөп жаткан.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.