ФОТО — Ош ОИИБи: «17 жаштагы баланы тоноп жолго таштап кеткен 4 бала кармалды»

ФОТО — Ош ОИИБи: «17 жаштагы баланы тоноп жолго таштап кеткен 4 бала кармалды»

Бүгүн, 11-февралда 17 жаштагы баланы тоногон 4 адам кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Милиция маалыматы боюнча, окуя 7-февралда Кара-Сууда болгон. 8-февралга караган түнү, саат 00:00 чамасында Кара-Суу районунун 37 жаштагы тургуну А.З.А. милицияга арыз менен кайрылып, анын 17 жаштагы У.уулу Б. аттуу баласын кимдир бирѳѳлѳр тоноп кетишкенин билдирген. Тагырагы, арызда анын баласы Ош облустук ооруканасынын жанынан таксиге отурганы, такси ичинде бейтааныш тѳрт адам бар болгону, алар баланы коркутуп “Редми 9” үлгүсүндѳгү кол телефонун тартып алып, Кара-Суу районунун Мады айылына жетпеген жерде машинадан түшүрүп салышканы жазылган.

Арыз тийиштүү бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Милиция кызматкерлери ал жердин карта схемасын, тийиштүү фото-таблицаларды түзүшүп, 11-февралда таӊкы саат 04:35 чамасында 4 адам — Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн тургундары 22 жаштагы К. уулу Н., 21 жаштагы Б. уулу Р., 21 жаштагы К. Б., 21 жаштагы А. уулу М. деген уландарды кармалып, Кара-Суу РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ү. С. Ж. аттуу жаранга таандык болуп чыккан “Мерседес-Бенц 200” үлгүсүндѳгү унаадан жогорудагы 17 жашар баланын буюму табылып, машина айып жайына токтотулган.

Учурда тергөө иштери улантылып жатыптыр.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.