СОТ ӨКҮМҮ: «Матраимов 260 миң сомго жазаланып, мүлкү, банк эсептери камактан чыгарылат» (ВИДЕО)

СОТ ӨКҮМҮ: «Матраимов 260 миң сомго жазаланып, мүлкү, банк эсептери камактан чыгарылат» (ВИДЕО)

Бүгүн, 11-февралда, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун коррупцияга байланыштуу иши боюнча сот отуруму болуп, өкүм чыкканын сотко катышкан «Азаттык» жазып чыкты.

Алардын айтымында, өкүмдү судья Гүлзат Дыйканбаева чыгарган. Ал айыпталуучуну жаза чарасы катары 260 миң сомдук айыппулга жыккан жана сот өкүмү күчүнө киргенден кийин анын өлкөдөн чыкпоосу тууралуу бөгөт чарасы да күчүн жоготорун билдирген. Аны менен катар Матраимовдун мүлкү жана банк эсептери камактан чыгарылмай болду.

«Азаттыктын» видеосун төмөндөн көрө аласыздар:

Эске сала кетсек, УКМК 2020-жылдын 20-октябрында Райымбек Матраимовду кармаган. Анда ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин уланып келатканын билдирген. Ошол эле күнү сот болуп, Матраимовду 2 миллиард сомду мамлекетке төлөп берүүгө милдеттендирген. Тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө тил катынын негизинде үй камагына бошотулган.

А бирок Райымбек Матраимов 2019-жылы «7 тыйынга да тиешем жок» деген эле…

УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев 2020-жылдын 24-декабрындагы басма сөз жыйынында Матраимовго дагы жаңы кылмыш иши ачылганын билдирген. Ал эми АКШнын Финансы министрлиги былтыр декабрда Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитский актысы» аталган «кара тизмеге» киргизген. «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан. Мындай иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд четке кагып, ал иликтөөлөрдү «каралоо» деп мүнөздөп сотко кайрылышкан болчу…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “СОТ ӨКҮМҮ: «Матраимов 260 миң сомго жазаланып, мүлкү, банк эсептери камактан чыгарылат» (ВИДЕО)

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.