ВИДЕО — Максатбек Ажы Токтомушев үй камагына чыгарылды. Бул иш боюнча президент эмне деди?

ВИДЕО — Максатбек Ажы Токтомушев үй камагына чыгарылды. Бул иш боюнча президент эмне деди?

11-февралдан 12-февралга караган түнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда экс-муфтий Максатбек Ажы Токтомушевдин баш коргоо чарасы каралып, сот аны үй камагына чыгарды. Бул тууралуу «Кактус-медиа» жазып чыкты.

Эске сала кетсек, Максатбек ажы Токтомушев 10-февралда кечке маал суракка чакырылып, сурактан кийин эле жеринен камакка алынып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген. Ал киши ошол күнү эртеӊ менен муфтий кызматынан өз каалоосу менен арызын жазып кеткен. Анын эртеси, 11-февралда, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, ажынын арызын канааттандырышкан. Ушул эле күнү президент Садыр Жапаров биринчи жолу КТРК каналына маек берип, Максат ажы Токтомушевдин кармалышы тууралуу да суроого жооп берген.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына жетекчилик кызматка талапкерлердин арызы 17-февралдан 17-мартка чейин кабыл алынаары, ага чейин, жаңы жетекчи шайланып келгенче, муфтияттын жобосуна ылайык, муфтийдин орун басары Жоробай Шергазыев башкарып турары кечээ, 11-февралда, белгилүү болду.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.