Алинур АБДИРАИМОВ: «Чоңойсом, көп милицияны башкарып, генерал болом»

Алинур АБДИРАИМОВ: «Чоңойсом, көп милицияны башкарып, генерал болом»

РЕДАКЦИЯДАН: Биздин редакция көптөн бери Ички иштер министрлиги менен кызматташып, «Ар бир адам — бир аалам» аттуу рубрика алдында ары кооптуу, ары жооптуу кызматта иштеп жаткан ИИМдин эр-азаматтары, айымдары тууралуу макала-материалдарды сүрөттөрү менен жарыялап келет. Бу жолу кичинекей каарман тууралуу кеп болот. ИИМдин Басма сөз кызматынан Келечекте атамдай милиция кызматкери болуп кылмышкерлерди кармайм” деп кыялданган 2-класстын окуучусу Алинур Абдираимов тууралуу маалымат келди. 

Бал тил балалык

Баласы турмушта өз ордун таап, татыктуу инсан болушун ар бир ата-эне каалайт эмеспи. Балдардын бири ата кесибин аркалап, эне жолун жолдоп үй-бүлөлүк династиянын өрнөктүү жолун улантса — бул  өзүнчө чоң бакыт. Анын сыӊары, ички иштер органдарында да  ата-эне жолун улап, алардан үлгү алып, кадыр-барк топтоп, абийири менен ак кызмат өтөп жаткан жана келечекте мекенге кызмат кылууну максат кылган балдар аз эмес. Ошондой тилектери бар кичкентайлардын бири —  Алинур Абдираимов. Ал Ички иштер министрлигинде татыктуу кызмат өтөп жаткан милициянын майору Авазбек Абдираимовдун уулу.

Атасы уулу келечекте ата жолун улап, намыска бек, абийири менен адал кызмат өтөп, Мекен алдында берген антын бузбаган татыктуу милиция кызматкери болот деп ишенет. Үйбүлөлүк салт кылып, уулунун умтулуусуна түрткү болсун деп жыл сайын окуудагы жетишкендиктерине карап милициянын атайын наамын ыйгарып турат. Милициянын формасын да тиктирип берип койгон. Алинур да келечекте көп кылмышкерлерди кармаган мыкты милиция болом деп кыялданат. “2-класста окуйм. Чоңойсом көп милицияны башкарып, генерал болом. Атама айтып милициянын формасын дагы тиктирип алгам. Келечекте атамдай милиция кызматкери болуп кылмышкерлерди кармайм”, — дейт Алинур.

«Жакшы тилек — жарым ырыс» дегендей, биз да милициянын жаш досу Алинурдун келечеги кең болуп, ойлогон ар бир ой-максаты орундалып, келечекте Кыргыз милициясынын мыкты кызматкери, элдин сыймыктуу мыкты уулу болушуна тилектешпиз.

Жакшы тилектериӊ орундалсын! Өмүрлүү бол, Алинур! Кудайым колдосун сени!

Даярдаган Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.