Камчыбек ТАШИЕВ: «Менин өмүрүмдү Аллахым жана элимдин дубасы сактап калды»

Камчыбек ТАШИЕВ: «Менин өмүрүмдү Аллахым жана элимдин дубасы сактап калды»

УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев кечээ, 12-февралда, Германиянын Берлин шаарындагы клиникалардын биринде жүрөгүнөн операция болду. Бул тууралуу Өткүрбек Рахманов «Фейсбуктагы» баракчасына жазып, сүрөтүн жайгаштырды. 

Анын айтымында, операция 3 саатка созулган. Камчыбек Кыдыршаевич: «Эл-журтума өтө ыраазымын. Менин өмүрүмдү Аллахым жана элимдин дубасы сактап калды. Экинчи ирет туулдум окшойт. Эмки жашоо мага элимден белек. Демек, мен да элиме татыктуу кызматым менен, элиме кылган эмгегим менен жооп берем«, — деп элге ыраазычылык билдирген.

Ал эми кан досу президент Садыр Жапаров: “Камчыбек Ташиев жүрөгүнөн операциядан кийин өзүн жакшы сезүүдө” деп “Телеграмга” жазды.

Эске сала кетсек, 52 жаштагы Камчыбек Ташиев 6-февралда ден соолугуна байланыштуу врачтардын сунушу менен чет мамлекетке барууга аргасыз болуп жатканын  билдирип, жөнөп кеткен. Ага чейин бул жакта ооруканага жатып чыкканын жазган эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Камчыбек ТАШИЕВ: «Менин өмүрүмдү Аллахым жана элимдин дубасы сактап калды»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.