ВИДЕО — Автордук укук боюнча Кыргызпатент чыгармачыл адамдарга кайрылды

ВИДЕО — Автордук укук боюнча Кыргызпатент чыгармачыл адамдарга кайрылды

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) чыгармачыл адамдарга кайрылуу жасады:

— Урматтуу авторлор: композиторлор, обончулар, акындар, драматургдар!

Урматтуу ырчылар жана аткаруучулар!

Эгерде сиздин чыгармаларыңыз же сиз аткарган чыгармалар  телерадиокомпаниялардын эфиринде же концерттерде, пьесаларыңыз театрларда коюлуп жатса, анда сиз автордук укуктун ээси болуп саналасыз.

Сиздин сый акыңызды чогултуп берүү укугун Кыргызпатентке келишим менен өткөрүп берген күндөн баштап, Кыргызпатент сиздин ыйгарым укуктуу өкүлүңүз болуп калат. Ал үчүн автордун же аткаруучунун тизмесин толтуруңуз.

Кыргызпатент автордук сый акыларды чогултуу жана бөлүштүрүү процессин автоматташтырган атайын ГИПЕРГРАФ программалык системасын ишке киргизди.

Сиздин чыгармаларыңыз жөнүндө маалымат ГИПЕРГРАФ автоматташтырылган системасына киргизилип, автордук укук ээсинин жеке бөлмөсү ачылат. Жеке бөлмөнүздө сыйакылардын бөлүштүрүлүшү тууралуу маалыматты көрө аласыз.

ГИПЕРГРАФ системасына катталыш үчүн Сиз укук ээси катары Кыргызпатенттин кызматкерлерине паспорт, келишим жана электрондук почтаңыздын дарегин берүүңүз керек.

Кененирээк маалымат билгиӊиз келсе, Кыргызпатенттин пресс-катчысы Гүлбара Кудайбердиевага кайрылыӊыз. Байланыш тел: 0312) 68-00-86, (0550) 77-84-50, (0708) 89-04-78

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.