Аскар Салымбеков негиздеген «Эмгек» партиясы тууралуу Кабыл Макешов эмнелерди айтты?

Аскар Салымбеков негиздеген «Эмгек» партиясы тууралуу Кабыл Макешов эмнелерди айтты?

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелге дайындалды. Жарлыкка ылайык, 11-апрелде 448 жергиликтүү кеңешке (анын ичинен 28и — шаардык кеңеш) депутаттар шайланат.

Шайлоого ат салыша турган айрым партиялар курултай өткөрүп, даярданышууда. Анын бири — «Эмгек» саясий партиясы. Бул партиянын жетекчилери алмашканын эркин журналист Кабыл Макешов билдирди.

Кабыл Макешовдун айтымында, “Эмгек” саясый партиясынын бешинчи курултайы  13-февралда болуп өтүп, 7 облустун, Бишкек шаарынын делегаттары жаңы жетекчи шайлашкан. Партиянын төрагалыгына коомдук ишмер Ырысбек Мааткабылов, орун басары болуп Жаныбек Абиров шайланды. Ырысбек Маакабылов 11-апрелде боло турган жергиликтүү кеңештерге шайлоого бардык шаарлардан катышуу тууралуу чечим кабыл алынганын билдирген. Партиянын саясый кеңешинин мүчөлөрү Аалыбек Акунов менен Шаршен Касенов жаңы шайланган жетекчилерге жана курамга ийгилик каалашкан.

«Эмгек» партиясынын катарында кимдер болгон?

“Эмгек” партиясын Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мамлекеттик жана коомдук ишмер Аскар Салымбеков негиздеп, жетектеген. Андан кийин Аткаруу комитетинин катчысы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Нарынбек Молдобаев жетектеген.

«Эмгек» партиясынын алгачкы курултайы 2011-жылы, 11-апрелде болгон. Мамлекеттик каттоодон 2011-жылы, 20-майда өткөн. 2013-жылы, 29-октябрда II курултайы болуп, партиянын төрагалыгына Жогорку Кеңешинин З -чакырылыштарынын депутаты, мамлекеттик жана коомдук ишмер, белгилүү меценат Аскар Мааткабылович Салымбеков шайланган. Курултайда партиянын Саясий Кеңеши түзүлүп, анын курамына А.К. Абдраев, К.Т. Айдаров, А.А. Акунов, А.А. Акматалиев, Д.Т. Долоталиева, Б.А. Досалиева, И.К. Жунусов, А.А. Исаев, Кадыр уулу Султанбек, К.К. Кускаков, Д.А. Муладжанов, А.М. Мураталиев, И.М., С.В. Пономарев, А.М. Салымбеков, Ш.Р.Касенов, Э.К. Сатылганов, Р.Б. Тагаев, М. Тиллебаев, А.А. Турсункулов, В.Н. Хан бекитилген.

Курултай партиянын саясатын коомго жеткирүү жана ишмердигин ырааттуу жүргүзүү максатында Саясий Кеңештин алдында аксакалдардын «Акыл Ордо», айымдардын «Айым Ордо» жана жаштардын «Акыл Тирек» кеңештерин түзгөн. Партиянын «Улут намысы» аттуу кеңири программасы кабыл алынган.

Партиянын негизги максаты: өнүккөн жана коопсуз Кыргызстанды түзүү, базар мамилелерине негизделген эффективдүү, социалдык багытталган экономиканы өнүктүрүү, саясий стабилдүүлүктү чыңдоо, укуктук тартипти бекемдөө, социалдык адилеттүүлүктү камсыздоо жана саясий элитанын билимдүү жана маданияттуу жаңы муунун даярдоо сыяктуу коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрү боюнча приоритеттер, артыкчылыктар көрсөтүлгөн. Бул демилгелерди аткарууда партия өлкөнүн экономикалык, социалдык жана маданий жактан өнүгүшүнө, элдин жашоо шартын жакшыртууга өзүнүн зор салымдарын кошуп келатат. Анткени, партиянын башкы максаттарынын бири-эл үчүн адал эмгек кылуу жана жаңы демилгелерди ишке ашыруу болуп саналат. Себеби, бул партия жалпы элдин көйгөйүн жеринен билип, бул маселерди чечүүгө аракет кылып келаткан партия болуп саналат. Ошондуктан жыл сайын ондогон кайрымдуулук акцияларын өткөрүп, колдоого муктаж адамдарга камкордук кылып келатат. 2014-жылдан бери «Эмгек» партиясынын республиканын бардык облустарында, райондору менен шаарларында 55 баштапкы уюмдары түзүлүп, кеңселер ачылып, аларда атайын кызмат орундары уюштурулуп, партиянын идеяларын элдин кеңири катмарына тартуу багытында ийгиликтүү иштерди жүргүзүүдө.

Партиянын баштапкы уюмдары айылдардын 80%га жакынын камтып, партиянын катарына миңдеген жарандар мүчө болгон.

2015-жылы “Эмгек” “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен бирге парламенттик шайлоого катышып, добуштардын 6, 15% алган.

Жергиликтүү шайлоо былтыр (2020-жылдын) апрелинде болмок. Коронавируска байланыштуу убактылуу токтотулган. Бул шайлоого «Эмгек» партиясы  Ош, Токмок жана Балыкчы шаарларынан катышарын жарыялаган. Ошондой эле партия 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоого да катышарын билдирип,  кийин баш тартып, БШКда катталган өкүлдөрүн чакыртып алган.

Түзүлгөнүнө быйыл 10 жыл толуп жаткан бул партия 2021-жылдын 11-апрелинде боло турган жергиликтүу кеңештерге шайлоодо жеңишке жетет деген серепчилердин божомолдору маалымат каражаттарында байма-бай айтыла баштады.

Жаӊы жетекчилер…

Жаӊы шайланган жетекчилер тууралуу учкай маалымат бере кетсем, 45 жаштагы ишкер Ырысбек Мааткабылов 2013-2014-жылдары Бишкектин Ленин райондук акимчилигин, андан кийин шаардын Дене тарбия жана спорт башкармалыгын жетектеген. Ал КРнын Улуттук олимпиада комитетинин вице-президенти, Кыргызстандын улуттук дзюдо федерациясынын Ардактуу президенти болуп саналат. Ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин эки жолку чакырылышынын депутаты да болуп, жашынан эмгек менен эрезеге жеткен мекенчил инсан. Ал эми анын орун басары Жаныбек Абиров 32 жашта. Ал учурда Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы. Мекенчил жигиттердин ишине, алдыдагы шайлоодо ийгилик каалайм!

Кабыл МАКЕШОВ,

көз карандысыз эркин журналист

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.