Максатбек ажы Токтомушев: «Бир кишиге баш ийип, президентибиздин саясатын колдойлу»

Максатбек ажы Токтомушев: «Бир кишиге баш ийип, президентибиздин саясатын колдойлу»

Мурдагы муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин элге кайрылуу видеосун Рустам Калматов «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырды. Анда Максатбек ажы «чет өлкөгө качып кетти» деген кепти четке кагып, Бишкекте үй-бүлөсүнүн жанында экенин айтыпп, элди биримдикке чакырган.

«Өлкө учурда башынан катаал учурларды өткөрүп жатат. Жакында президенттин инаугурациясы болуп, учурда бизди дүйнө коомчулугу тыкыр карап турган кез. Ар кимибиз ар кайсы жакка тарта берсек, эгемендүүлүгүбүздү жоготуп алабыз. Бир кишиге баш ийип, президентибиздин саясатын колдойлу. Буйруса, баары жакшы болот. Бардыгы иликтенет«, — деп билдирген Максатбек ажы.

Садыр ЖАПАРОВ: «Жапаров, Ташиевге муфтийдин орду керек экен» деген кеп туура эмес, Кудай карап турат»

Эске сала кетсек, Максатбек ажы Токтомушев 10-февралда кечке маал суракка чакырылып, сурактан кийин эле камакка алынып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал киши ошол күнү эртеӊ менен эле муфтий кызматынан өз каалоосу менен арызын жазып кеткен болчу. Анын эртеси, 11-февралда, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, ажынын арызын канааттандырышкан. Ушул эле күнү президент Садыр Жапаров биринчи жолу КТРК каналына маек берип, Максат ажы Токтомушевдин кармалышы тууралуу да суроого жооп берген.

«Бажыны кармагыла» десе, ажыны кармашыптыр…»

Белгилей кетсек, 11-февралдан 12-февралга караган түнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда экс-муфтий Максатбек Ажы Токтомушевдин баш коргоо чарасы каралып, сот аны үй камагына чыгарылган. Ошол күнү күндүз (11-февралда), Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун коррупцияга байланыштуу иши боюнча сот отуруму болуп, өкүм чыккан. Судья Гүлзат Дыйканбаева айыпталуучуну жаза чарасы катары 260 миң сомдук айыппулга жыгып, Матраимовдун мүлкү жана банк эсептерин камактан чыгарган өкүмүн  чыгарган. Ага нааразы эл: «Бажыны кармагыла»десе, ажыны кармашыптыр» деп капаланышкан эле…

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына жетекчилик кызматка талапкерлердин арызы 17-февралдан 17-мартка чейин кабыл алынаары, ага чейин, жаңы жетекчи шайланып келгенче, муфтияттын жобосуна ылайык, муфтийдин орун басары Жоробай Шергазыев башкарып турары 11-февралда белгилүү болгон эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Максатбек ажы Токтомушев: «Бир кишиге баш ийип, президентибиздин саясатын колдойлу»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.