Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга кайтып келди

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга кайтып келди

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга кайтып келди. Мындай маалыматты экс-президенттин тегерегиндегилер тастыкташты.

Алардын айтымында, Сооронбай Шарипович кечээ, 14-февралда, Бишкекке учуп келген.

Эске сала кетсек, 2-февралда, эртең менен «Манас» аэропорту аркылуу Түркиянын Стамбул шаарына учуп кеткенин, кичи ажылыкта 10 күн болуп, кайра Кыргызстанга кайтып келээрин маалымат-катчысы  Толгонай Стамалиева билдирген эле.

Ага чейин «Жээнбеков Кыргызстандан качып кетти» деген маалымат социалдык тармактарда тараган болчу. Ошондой эле ошол күнү Башкы прокуратура октябрь окуясы боюнча Сооронбай Жээнбековду жоопко тартуу боюнча түшкөн арызды УКМК менен ИИМге жибергени маалым болгон.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.