ВИДЕО — «Макалёнун» маанисин билбейм, аны автордон сурагыла» деген экс-спикер жакшы ырдаптыр…

ВИДЕО — «Макалёнун» маанисин билбейм, аны автордон сурагыла» деген экс-спикер жакшы ырдаптыр…

Экс-спикер Дастан Жумабековдон «super.kg» порталынын журналисттери 26 мүнөттүк интервью алышыптыр. Саясаттан сүйүүгө чейин сурап, ырдатышыптыр, отжимания жасатышыптыр… «Макалё» боюнча да суроо болуптур…

Суроо экс-президент Сооронбай Жээнбековдон башталыптыр.  Ага ал: “Турмуш деген ушул экен, элдин толкундоосу менен 4-5-октябрда бийлик алмашып кетти. Сооронбай Шарипович экөөбүздүн ошол учурдагы аракетибиз кыргыз мамлекетин алдыга жылдыруу болчу. Иш болгон жерде кемчиликтер болот, албетте, кемчилик болду. Эӊ башкысы мамлекеттин байлыгына, элдин ырыскысына кол салган жокпуз. Сооронбай Шарипович мамлекетке кыянатчылык кылган жок. Балким коомчулукта айтылган кээ бир кайрылууларга көңүл бурбай койгону — кемчилиги болушу мүмкүн”, — деп жооп бериптир.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 4-5-октябрында бийлик алмашкан. Спикерликке 2017-жылдын 25-октябрында шайланып келген Дастан Жумабеков  6-октябрда кызматтан кетип, анын ордуна убактылуу спикер болуп Мыктыбек Абдылдаев келген. Мыйзамдуу спикер болуп Канат Исаев 13-октябрда шайланып, көп өтпөй ал да кызматтан кетип, анын ордуна депутат Талант Мамытов спикер болуп калган болчу. Кызыгы, үчөө теӊ «Кыргызстан» фракциясынан шайлангандар.

Спикерлер тизмесин билгиӊиз келсе, бу жердеги ШИЛТЕМЕни басыӊыз.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.