ВИДЕО — ОРОЗОБЕКОВА: «Кыргыз элинин тарыхын бурмалаган Жусуп Мамайдын вариантын жайылтууга болбойт!»

ВИДЕО — ОРОЗОБЕКОВА: «Кыргыз элинин тарыхын бурмалаган Жусуп Мамайдын вариантын жайылтууга болбойт!»

«Бешинчи каналга» тарыхчы Ташмамбет Кененсариев, манас таануучу, филология илимдеринин доктору Жылдыз Орозобекова, доктор Мээрим Көлбаева, жазуучу Абдымамбет Сариев чакырылып, манасчы Жусуп Мамайдын вариантындагы алешемдиктерди талкуулашты. Анда Жылдыз айым: «Манас» эпосунун салттык традициясында эпостун калыптанган өзөктүк формасын бузганга эч бир манасчынын акысы жок! Кыргыздын тарыхын чагылдырган окуяларда ата-тектин таралышын бузганга эч кимдин акысы жок. Жусуп Мамайдын «Манас» эпосу боюнча жазган вариантын Суслова которду. Анда: «Кыргызды кулдан тараган, эшектин этин жеген» деп жазылып жатат. Биз Жусуп Мамайдын кыргыз элинин тарыхын бурмалаган вариантын жайылтууга болбойт! Каршыбыз. Биз Сагымбай менен Саякбай атанын Манасын гана тааныйбыз«,- деп күйүп-бышып жатат.

Төмөндөгү видеону аягына чейин көрүп, жыйынтык чыгарып, үн кошуӊуздар!

Бул талкуунун эртеси манас таануучу Жылдыз Орозобекова «Фейсбуктагы» баракчасына: «Ташмамбет агай, ардангандан арманыӊызды айттыӊыз, туурасын кабыл алам, туура эмесин Сиздин деӊгээл деп түшүнөйүн. Кандай айтсанар да, Жусуп Мамайдын варианты классикалык вариант эмес, оозеки дагы «Манас» эпосу эмес, жазма вариант. Кыргыз элинин тарыхын бурмалаган вариант. Буга тыюу салуучу «Манас» эпосу тууралуу мыйзамдын 4-беренеси бар«, — деп жазды.
«Манас» мыйзамы боюнча бу жердеги ШИЛТЕМЕден угуӊуздар.
 Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

P.S. «Жусуп Мамайдын манасчылык мурасын көз карегиндей сактоо зарыл» деп тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин «Азаттыкка» былтыр жазып чыккан. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуӊуздар.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.