Сууга чөгүп каза болгон эне-баланын сөөгү жерге берилди. Окуянын чоо-жайы…

Сууга чөгүп каза болгон эне-баланын сөөгү жерге берилди. Окуянын чоо-жайы…

Талас облусунун Талас районунун Арал айылында сууга чөгүп каза болгон эне-баланын сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда, айылдаштары билдирди.

Алардын айтымында, кырсык 14-февралда болгон. Сейитжапар аттуу айыл тургунунун уул-келини айыл четиндеги, токой арасындагы үйдө эки кичинекей баласы менен жашашчу. Үйүнөн 200 метр алыс балык баккан көлчүгү болгон. Ошол көлчүктүн үстүндөгү көк жылгаякта 3 жашар (2018-жылы туулган) бала чана тээп жатканда, муз сынып, бала сууга түшүп кеткен. Баласын куткарам деп апасы артынан сууга түшкөн. Тилекке каршы, экөө тең көз жумган. Баланын жансыз денесин баланын атасы алып чыгып, келиндин жансыз денесин суудан ӨКМ куткаруучулары келип алып чыгышкан.

«Балык баккан көлмө абдан терең болгондуктан чыга албай калган окшойт. Келин 24 жашта (1996-жылы туулган) эле болчу. Артында бир жаштагы кызы калды. Баланын сөөгү кечээ, 15-февралда, келиндин сөөгү бүгүн, 16-февралда, жерге берилди«, — деп кейишти айылдаштары.

Анткен менен, дагы бир тактоолорубуз боюнча, көлмө анчалык терең болгон эмес. Жасалма көлмө кылгыдай ойдуң жер болгондуктан, жөн гана сууну буруп балык бакканга ылайыкташтырып коюшкан. Ошол кырсык болгон күнү маркум келин эки баласы менен ошол көлмө тарапта болгон. Кичинекейи сууга түшүп кеткенде, улуусун үйгө жиберип, өзү баласын чыгарганга аракет кылган. Айтымында, муз калың болгондуктан, эне-бала ошол муз алдына кирип кетип, чыга албай калышкан. Баланын атасы көлмөгө келген учурда, баланын денеси суу бетине калкып чыгып калган, келиндин сөөгүн болсо, келген куткаруучулар музду талкалап алып чыгышкан.

Калпыстыктан эмес, кокустуктан болгон окуя эне-баланын өмүрүн ушинтип алып тынган…

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты бири кырчындай кезинде, бири чырпыктай кезинде каза тапкан келин-неберенин жакындарына, балапан наристенин чоң ата-чоң апасы Сейитжапар агабызга, Гүлбара эжебизге терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.